[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жума, 4-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Коом жана турмуш ] М.КАРАТАЕВ: САЛАМАТТЫКТЫ САКТООДОГУ КӨРСӨТКҮЧТӨР ЖАКШЫ
Ар жыл сайын июль айынын ар бир биринчи жекшембиси медицина кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет. Бул күнгө карата Саламаттык сактоодогу жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу Саламаттыкты сактоо минитстринин орун басары Мадамин Каратаев “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.


- Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата кандай иш чараларды өткөрүү пландаштырылып жатат, алгач ушуга токтоло кетсеңиз?

- Мүмкүнчүлүк менен пайдаланып, бүт Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга чын ден-соолук, иштеринде ийгилик каалап кетмекчимин. Бүгүн саат ондо Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда чоң жыйын болот. Бул жерде президент Курманбек Бакиев, өкмөттүн жетекчилери КР медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, андан кийин жарлык боюнча эмгек сиңирген врач, эң алдыңкы врачтарды сыйлык менен сыйлайт. Андан тышкары бүгүн Тез жардам машиналары, ГАВИ программасы боюнча келген “Нива” машиналары, шаардын мэриясынан бөлүнгөн машиналар мекемелерге бүгүн берилет:

- Президент медицина кызматкерлеринин айпым кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ак халатчандарга көңүл кесиптик майрамга карата бурулгандай. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Биринчиден, бул туура. Себеби, жыл сайын биринчи жекшемби медициналык кызматкерлердин күнү. Андан тышкары кээ бир убакта мисалы 8-мартка карата, эгемендик күнгө карата анча-мынча эмгеги сиңген кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлаган учурлар болуп атат. Мен ойлойм бул дагы болсо мамлекеттин, президентибиздин медицина кызматкерлерине болгон карата болгон көңүлү, мамилеси, алардын эмгегин жогору баалагандык.

- Башкача айтканда расмий бийлик тарабынан жетиштүү эле көңүл бурулуп жаткан турбайбы?

- Жетиштүү эле көңүл бурулуп атат. Ар дайым айтып келебиз, маянанын аздыгы, мамлекет мүмкүнчүлүккө жараша маяна жыл сайын көтөрүлүп атат. Жалаң эле медицина кызматкерлеринде эмес, мугалимдерде, башка сфераларда дагы маяна аз болуп атат.

- Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл саламаттык сактоо тармагында кандай жетишкендиктер болду? Жыл башында коюлган максаттардын канчасы орундалды?

- Биз азыр жыл боюнча жыйынтык келтиргенге эрте. Кудайга шүгүр саламаттыкты сактоодогу көрсөткүчтөр азырынча кичине жакшы. Кээ бир маселелер боюнча көңгөйлүү маселелер бар. Бирок негизги көрсөткүчтөрдү айта турган болсом, балдардын туулганын өсүшү, өлүмдүн азайышы, жалпы калктын санынын өсүшү, башка көрсөткүчтөр Кудайга шүгүр жакшы эле. Тенденция ушуну азайтыш боюнча аракеттерди жасап атабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]