[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жекшемби, 25-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Коом жана турмуш ] МЯНМАДА ДОНОР ӨЛКӨЛӨРДҮН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ АЧЫЛДЫ
Ондогон делегаттар бүгүн "Наргиз" циклонунан катуу жапа чеккен Мянмага каражат чогултушууда. Өлкөнүн соода борбору болгон Рангундагы жыйынды ачып жатып, Бириккен Улуттардын баш катчысы Бан Ки-Мун жардам операцияларын уюштурууга жергиликтүү бюрократия "өтө чоң" тоскоолдук болуп жаткандыгын билдирди. Ал ошондой эле Мянманын мурдагы күнү чет элдик жардам кызматкерлерин кабыл алууга макул болушун маанилүү окуя деп мүнөздөдү. БУУнун жетекчиси өлкөгө жардам көрсөтүү кеминде жарым жылга созулаарын белгиледи. Бүгүнкү конференцияны Бириккен Улуттар менен катар Түштүк-чыгыш азия өлкөлөрүнүн АСЕАН биримдиги уюштурду.


Мянманын өкмөт башчысы Тейн Сейн 50 чакты өлкөдөн келген делегаттарга ыраазычылык билдирди. 2-3-май күндөрү катуу бороондон кеминде 133 миң кишинин өмүрү кыйылды, же дайынсыз жоголду. Дагы 2 жарым миллион киши чукул жардамга муктаж.

Сейн ошондой эле бийликтеги генералдар чет элдик жардамды "шарт коюсуз" кабыл алаарын бышыктады. Ал жардамды зарыл болгон бардык жолдор менен, керек болсо, учак менен жеткирүү мүмкүн экендигин, бирок бул ишке аскердик унаа колдонулбашы керектигин эскертти.

Мянманын жээктеринде канча күндөн бери гумжардам жүктөлгөн америкалык, британиялык жана франциялык кемелер сүзүп жүрүшөт, бирок Мянманын бийликтери армиянын күчү менен жеткирилген жардамды кабыл алуудан караманча баш тартып келди.

Конференцияда акча чогултуу Бириккен Улуттардын 201 миллион доллардык жардам өтүнүчүнүн негизинде жүрөт деп күтүлүүдө. Бан Ки-Мун бул каражаттын 30 пайызы чолгултулганын, дагы 20 пайызы убада кылынганын бышыктады.

Бирок сүрөөнчү өлкөлөр чет элдик жардам кызматкерлеринин иштөө шарты такталмайынча, жардам берүүгө анча көңүлдөнбөй жатышат. Мисалы Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын орунбасары Скот Марсел америкалык жардам үчүн циклондон жапа тарткан аймактарга "тоскоолдуксуз" барууга жол берилишин талап кылды.

Жаңыл Жусубжан, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]