[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шаршемби, 14-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Коом жана турмуш ] “УЛУТТУК КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН КҮРӨШ” АТТУУ КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ
Кечээ жакында эле ВИЧ илдети тууралуу “Улуттук келечек үчүн күрөш” аттуу китеп жарык көрдү. Алгачкы жолу кыргыз тилинде басылган бул китептин автору, Аялдар конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышева “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.


-“Улуттук келечек үчүн күрөш” китебинин мазмунуна токтоло кетсеңиз. Кандай маалыматтар камтылды?

-Бул китепте дүйнөлүк глобалдык көйгөйгө айланган ВИЧ/СПИД менен күрөшүүнүн жагдайларына кеңири, конкреттүү мисалдар аркылуу ар тараптуу талдоолор жазылган. Бул китептин эң приоритеттүүсү - бул кыргыз тилинде жазылган китеп. КРнын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы бизге жолдомо берип ушул китепти кыргыз тилинде жана кыргыз тилинин талаптарына туура келе тургандыгын белгилеп, жарыкка чыгарууну сунуштаган.

-Ушул китептеги маалыматтар кайсы булактан алынды?

-Бул маалымат конкреттүү түрдө өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык агенттиктердин өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан жазалып жаткан иштери жөнүндө биринчи жазылган. Экинчи, дүйнө жүзү боюнча бул илдет боюнча маалыматтар берилген. Үчүнчү, Кыргызстан боюнча бүт облустарда, райондордо эмне иш жасалып атат, ошонун баары берилген. Анан тренингдерди кыргыз тилинде кандай өткөрүш керек, деген маселе камтылган. Себеби жер-жерлерге тренерлер барат экен дагы орусча өткөрүшөт экен. Эл болсо отуруп алып биз орусча түшүнбөй атабыз деп кыйналышат экен.

-Башкача айтканда окуу курал катары да пайдаланса болот турбайбы?

-Эң туура, бул министрлик жактан, КР “СПИД” бирикмесинин жетекчилери муну методикалык көрсөтмө катары колдонууга болот деген. Биз азыр Кыргызстанда жер-жерлерде кыргыз тилинде өткөрө турган тренерлерди даярдадык. Ал тренерлер барып райондук масштабда тренерлерди даярдашты. Алар эми жер-жерлерге барып кыз-келиндердин арасында ушул ишти жүргүзүп атат.

-Замира айым, бул китеп кайсы каражатка чыгарылды жана канча нускада чыкты?

-Бул китептин 500 нускасын Глобалдык фонд колдоп, ошонун акчасына чыгардык, ал эми 500 нускасын өзүбүздүн акчабызга чыгардык. Себеби бул дагы Кыргызстан Аялдар конгрессинин ВИЧ/СПИДке каршы күрөшүүгө болгон салымы. Аялдар маалыматтуу, билимдүү болсо оорунун көрсөткүчү олуттуу түрдө азаят деп эсептейбиз.

Биздин кыз-келиндерге бул оорунун кесепеттерин, анын пайда болушунун, жугушунун, алдын алуу иштерин жүргүзүүнү жайылтып элге жеткирип атабыз, эң биринчи кыз-келиндерге жеткирип атабыз. Себеби үйбүлөнүн туткасы, бакубат турмушта жашоосу, колго кармаган кыз-келиндер болуп атат азыркы учурда.

-Ушул китепти жазууда, аны чыгарууда кандай кыйынчылыктар, көйгөйлөр болду?

-Кыйынчылыктар көп эле экен. Кийинки учурда эң эле көп терминдер боюнча Терминологический комиссия менен нукура кыргыз тилине которууда башка бир терминдер пайда болгон экен. Ушуну көп эле татаалдаштыра бербей, кыргыз тилин дагы элге жакыныраак кылыш үчүн дүйнө жүзү боюнча колдонгон терминдерди пайдаландык.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]