[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 27-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Коом жана турмуш ] ОШТО КАТУУ СЕЛ ЖҮРДҮ (Сүрөт баян)
Акыркы күндөрү нөшөрлөп төккөн жамгырдан улам Ош аймагында суулар ташкындап, айрым жерлерде катуу сел жүрдү. Адистердин байкоосунда, мындан тургундар, ошондой эле өлкөнүн айыл чарбасы олуттуу зыян тартты. Борбордук бийлик жергиликтүү органдар жана эл убагында арык-каналдарды тазалабагандыгы ушундай кесепетке тушуктургандыгын белгилешсе, калайык-калк жалпы эле бийлик өкүлдөрүн шалаакылыгы, көңүлкоштугу үчүн айыпташууда.


Өзгөчө кырдаал министри Камчыбек Ташиев табигый кырсыктан Ноокат, Карасуу, Өзгөн райондору жана Ош шаары айрыкча жапа чеккендигин белгилеп, жергиликтүү бийлик жана эл убагында арык-каналдарды тазалабагандыгынан улам чөлкөмдүн айыл чарбасы быйылкы түшүмдөн куржалак калгандыгын кошумчалады. Ага улай аталган аймактарда жалгыз министрликтин аракети жетишсиздигин, Ош жергеси өкмөттүн ар тараптуу колдоосуна муктаж болуп тургандыгын жашырган жок:

- Бардык жерлерде биздин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары иштеп атат. Бирок чынын айтыш керек, бардыгына эле толук бойдон жардам көрсөтүү, же тез аранын ичинде болуп өткөн суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу бизге кыйынчылыкка туруп атат. Ошондуктан күнү-түнү тынбастан азыркы күндө чараларды көрүп атабыз.

Кырсыктан катуу жабыркаган Карасуу районундагы Кызылордо айылынын өзүн тааныштырбаган тургуну Ош облус губернатору Аалы Карашевди сүйлөтпөй, эгерде Каттаталдык айыл өкмөтү, райондун акими былтыркы селден жыйынтык чыгарып, алдын алуу чараларын көргөндө бүгүнкү кейипти киймек эмеспиз деген нааразычылыгын билдирди:

- Бир нерсе болобу, же жокпу, болбосо өлөлүбү десек, болуптур кир дейт. Кирсек, оозубузду жаап, бүрсүгүнү келем деди. Андан бери бүрсүгүнү эмес, бир - бир жарым жыл болду, бир ирет текшерген жок. Эми азыр келе бересиңер, кете бересиңер эч ким карабайт. Биздин айыл өкмөттү иштесин деп шайлаганбыз.

Ушул эле райондогу Башбулак кыштагынын жашоочусу Медер Исаков суу ташкындан жердештери олуттуу зыян тарткандыгын, өзү да үй-жайсыз калгандыгын, бийлик алардын тагдырына көңүлкош мамиле жасап жаткандыгын:

- Суунун бийиктиги бул жерге бир жарым метрден жогору келди. Үйдүн бул жагынан кирип бул жагынан чыкты. Эч нерсе калган жок, үйдө жатаарга жерибиз жок. Машинабыз агып кеткен жерден жолдон кармап келдик, ичи толтура суу. Сарайдын арка жагы, мал чарба бардыгы өлдү. 12 жандыкка зыян келди.

Анткен менен Ош облус губернатору Аалы Карашев өзгөчө кырдаал министри Ташиевдин жана жергиликтүү тургундардын пикирине кошулбастыгын, алдын алуу жумуштары убагында жүргүзүлгөндүктөн адамдар өмүрүнө коркунуч туулбагандыгын, учурда кырсык баскан аймактарда санитардык жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүшкөндүгүн эске салды:

- Санитардык дарыгерлер көзөмөлдөп, үйлөрдү обработка кылып иштеп жатышат. Андан тышкары ветеринардык кызматкерлер үймө-үй кыдырып, бүгүнкү күндө жумуштарын аткарып жатышат.

Алишер Токсонбаев, Ош


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]