[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 27-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Коом жана турмуш ] АТАКТУУ УУРУ НАРЫНГА ЭМНЕ ИЗДЕП КЕЛДИ?
Нарын районуна караштуу Экинарын айылына жакын жердеги Инсас жайлоосунда ашынган кылмышкер атыккан Камчы Көлбаевдин жүргөндүгү тууралуу маалыматтар пайда болду. Жергиликтүү кабарчыбыз облустук милиция башкармасынын жетекчисинин орунбасары Орозбек Молдозариповго жолугуп, бул кабардын чын-бышыгын тактады.


- 24-майда Жетимкырка тоосундагы жайлоого кылмыш дүйнөсүнүн адамы, же болбосо органдар тили менен айтканда “вор в законе” аталып жүргөн Камчы Көлбаев бир нече адамдар менен келиптир деген маалымат пайда болду?

- Бул жөнүндө сөз болуп, чоочун кишилер чогулуптур дегенинен барып сүйлөшсөк, бүгүн кетип атабыз деп кечээ чыгып кетишти. Кымыз ичебиз деп келгендиги чын экен.

- “24 kg” маалымат агенттигин жазганына караганда, Көлбаев менен бирдикте Москвадан дагы мурда сот жообуна тартылган адамдар кошо жүргөн экен?

- Жок, булар башка, алар башка, экөө эки башка адамдар.

- Ал эми орус улутундагы адамдар дагы бар экен деген маалымат боюнча эмне дейсиз?

- Рейд кылып жайлоолорду кыдырып жүрүп дагы бир 5 адамга жолуктук, Москвадан келгени чын экен. Өздүктөрүн аныктадык, текшердик, шек туудурган эч кандай нерсе жаралган жок. Биз алтургай кээ бир шектүү болгон жерлерин, үйлөрүн текшергенге чейин бардык, карадык, андай шектүү эч нерсе болгон жок. Мындай нерсе Кыргызстан тоолуу болгондуктан тоого, кымызыбызга кызыгып, ошол Соңкөлдө деле чет өлкөдөн келген адамдар абдан көп, ошол эле туристтердин бири.

- 15-22, 15-54 БВ номерлүү автоунаалар президенттик администрациянын иш башкармалыгынын спорт комплексине тийиштүү деген сөз бар?

- Бул автоунаалардын, айдоочулардын күбөлүктөрүн текшерип көргөндө туура келип атат, ошол 15-22 БВ деген унаа ОСО “Форма” деген мекемеге тийиштүү экен, кагаздары менен туура келди. Андан тышкары 15-54БВ деген машинаны текшерип атабыз. Техпаспорт, айдоочулардын күбөлүгү туура келип атат, анан бирөөнүн номерин алдык эле дейт, бул боюнча кошумча текшерүү жүрүп атат.

- Жалпысы 12 адам келген дейт, ошондойбу?

- Жалпысы 10 адам бар экен сырттан келген. Баары тең биздин Кыргызстандын атуулдары, эч кандай бүгүнкү күндө артында кылмыш куугунтугу жок, ачык жүрүүгө толук укугу бар жигиттер экен.

- Маегиңизге ырахмат.



[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]