[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жума, 18-апрель 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Коом жана турмуш ] ОҢ РУЛДУУ УНААЛАРДЫ АЛЫП КИРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ КАБЫЛ АЛЫНДЫ
17-апрелде Жогорку Кеңеште Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынып, эл депутаттары бул маселени колдоп беришти. Бул мыйзам боюнча өкмөт чечим кабыл алса, оң рулдуу автоунаалар кошуну нааразычылыгын билдирүүгө ниет кылышууда.


Жогорку Кеңеште өлкөгө оң рулдуу унааларды алып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоору каралып, аны эл өкүлдөрү колдоп беришти. Эгерде бул маселе боюнча өкмөт токтом чыгарса, 1-июлдан тартып мыйзам күчүнө кирет. Бүгүнкү күндө оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзамдар Тажикстанда, Казакстанда, Өзбекстанда кабыл алынган. Мыйзам долбоордун демилгечиси, Жогорку кеңештин депутаты Улукбек Ормонов болду.

Коммунисттер фракциясынан парламент депутаты Бейшебек Акуновдун пикирине караганда, ушул коңшулаш мамлекеттердеги эски машинелердин бардыгы Кыргызстанга келүү коркунучу бар жана жол кырсыктарынын көбүнө ушул оң рулдуу унаалардын айдоочулары себепкер болушууда.

Мурдакы үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңеште 2010-жылдан баштап оң рулдуу автоунааны колдонууга тыюу салуу мыйзамы кабыл алынган. Бирок ага өлкө президенти кол койбой, кайра алымча- кошумчаларды киргизүүнү сунуштаган. Анда дагы оң рулдуу айдоочулардын кошуну нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

Өлкөдөгү жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча “Акжол-5” коомдук бирикмесинин төрагасы, Бишкек шаардык МАИсинин мурдакы жетекчиси Касымбек Райымкул уулунун айтымында, оң рулдуу унааны сатып алган жарандардын күнөөсү жок, ошондуктан буга чейин сатып алган автоунаасын толук колдонууга мүмкүнчүлүк берилет. Анын айтымында, оң рулдуу автоунаалар Кыргызстандын жолдо жүрүү шартына ылайык эмес:

- Жол кырсыгынын көбөйүшүнөн, андан тышкары биздин коңшу мамлекеттердин бардыгы тыюу салгандыктан бүт ошол жактагы эски унаалардын бизге агылып келишинен болуп жатат. Негизгиси - Кыргызстан элинин коопсуздугу. Себеби бул оң рулдуу автоунаалардын фарасы, жарыгы дагы башкача күйөт, жолдо жүргөндө алдыдагы унааны кууп өтөм дегенде толук карама-каршы тарапка чыга түшөт. Ушул жактары гана эске алынган. Бул чечимди туура деп эсептейм.

Бүгүнкү күндө МАИнин маалыматы боюнча өлкө аймагына жети миңден ашуун оң рулдуу автоунаа кирген.

Өлкөдөгү оң рулдуу унаалар кошунунун мүчөсү Игорь Чалагизовдун пикиринде техникалык жактан коопсуз, өтө ыңгайлуу ал түгүл коопсуздук жаздыкчалары бар оң рулдуу унааларды жактырган жарандардын укуктары чектелүүдө:

- Жаңы оң рулдуу автоунаалар жолдо жүрүүгө абдан ыңгайлуу, аларда коопсуздук жаздыкчалары да бар. Парламентте бул мыйзамдык кабыл алынышы - атаандаштыктан келип чыккан шылтоо гана. Жаңы автоунаалар 1-июлдан баштап кирбесин деген гана сунуш. Өкмөткө сунуш гана берилди, эми алар кандай чечим кабыл алышат, ошого жараша биз дагы өз пикирлерибизди билдиребиз.

Жол кырсыктары дал ушул оң рулдуу унаалардан көп болуп жатат деген маалымат боюнча Ички иштер министрлигинде мурда атайын эсеп жүргүзгөн эмес. Бирок быйылтан баштап бул эсепти жүргүзүп, талдоого ала башташты.

Кабыл Макеш, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]