[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 18-март 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Коом жана турмуш ] ОШТО ЖОЛ КЫРСЫГЫНА АПКЕЛГЕНДЕРДИН КӨБҮ АТКАМИНЕРЛЕР
«Ошто автожол кырсыгына ыңгай түзгөндөрдүн жарымынан көбү аткаминерлер» дешет МАИ кызматкерлери. Бирок мындай тыянакка менчик машинеси бар чоң кызматтагы айрым кишилер кошулбайт.


Ош шаардык мамлекеттик авто инспекциясынын акыркы маалыматына караганда, жыл башынан бери Кыргызстандын түштүк башкалаасында 89 жол кырсыгы катталды. Анын алтоосу адам өлүмү менен аяктады. 79 айдоочу жана жүргүнчү түрдүү деңгээлде жаракат алды.

Ош шаардык МАИнин жол коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Бакыт Бакиров жеке автоунаасын айдаган чоң кызматтагылар, айрыкча укук коргоо органдарында иштегендер көбүнчө кырсыкка өбөлгө түзүп жатышкандыгына басым жасап, азыр эле номуру жок бир машинени кууп жүрүп кармашса, рулда жана шоопурдун жанында милиция кызматкерлери олтурушкандыгын ачыктады:

- Мен рупор менен токто деп канча жолу айтканыма кулак салбай койду. Болгону машиненин документи жок. Токтоп койсо болмок, качканда кайда бармак эле. Мунун максаты качып кутулуш болду. Анын оюна келген жок жолдон бирөөнү уруп кетем, же машине сүзүп кетем деген, - дейт Бакыт Бакиров.

Калаа четине барганда кичине ТИКОну сүзүп, Мерседес автоунаасынын мотору иштебей калып МАИчилерге кармалган Ош шаардык милициясынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн оперлери аты-жөнүн айтмак түгүл, суроолорубузга жооп берүүдөн караманча баш тартышты. Бирок артынан коопсуздук кызматынын кишилери аңдып жүргөн окшойт деген ойдо номуру жок машинесин токтотпой качышкандыгын жашырышкан жок.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Рустам Мырзаматов мамлекеттик автоинспекторлордун мыйзамдуу талабына моюн толгогон кызматкерлеринин үстүнөн териштирүү башталгандыгын, эгерде алардын күнөөсү толук далилденсе, ээлеген кызматынан токтоосуз бошотулаарын «Азаттыкка» мындайча билдирди.

- Бул окуя боюнча биз териштирүүнү баштадык. Ошол номери жок машине МАИнин кызматкерлерине токтобой кеткени үчүн, керек болсо органдан териштирүүгө чейин алып барабыз, - деди Рустам Мырзаматов.

Көп жылдар бою жооптуу кызматтарды аркалаган Жорокул аттуу жаран өзү сыяктуу абройлуу иштерде эмгектенгендер өмүрүндө жол эрежесин бузушпагандыгын, тилекке каршы, МАИ тармагында коррупция кулач жайгандыгын, ала таякчандар каалаган жеринен тосуп, акча чогултуп, өздөрү автоунааларга кооптуу шарт жаратып келатышкандыгын, антсе да, айдоочулар өздөрүнө тың болуп, мыйзамды бекем сактап жүрүшсө, аларды эч ким айыпка жыга албастыгын белгиледи.

- МАИ кызматкерлери жолдон жөн жай токто берет. Эгер менин документим нормалдуу болсо мен өзүм барып жөн эле акча бере бербейм. Өзүбүздөн болсо керек деп ойлойм. Көпчүлүгү барып эле акча берет. Бергендин ордуна эмне токтоттуңуз, эмне себептен деп сураса, анан ошону далилдесин, - дейт Жорокул мырза.

Алишер Токсонбаев, Ош


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]