[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Бейшемби, 21-февраль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Коом жана турмуш ] СПИД ИЛДЕТИ БОЮНЧА ӨЛКӨДӨГҮ КЫРДААЛ КУРЧ
Өлкөдөгү ВИЧ/СПИД боюнча абал тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна СПИД бирикмесинин жетекчисинин оурн басары Эркин Бакиев жооп берди.


-Эркин мырза, алгач өлкөдөгү ВИЧ/СПИД боюнча кырдаалга токтолсоңуз. Канча адам каттоодо турат жана эң жогорку көрсөткүч кайсы райондо болуп жатат?

- Азыр өлкөдө СПИД жана ВИЧ инфекциясына каршы профилактикалык алдын-алуу чаралар жүргүзүлүп жатканына карабастан, эпидомиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Расмий сандарга таянсак, республика боюнча ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын саны 2008-жылдын 1-февралына карата 1499 адам болду. Алардын ичинен 1376сы кыргыз жарандары. Эркектер 1075, аялдардын саны 301ди түзөт. Катталгандардын арасында азыр СПИД деген дарт менен 11 учур катталган. Ал эми чет элдиктер арасында 123дү түзөт. Баңгилер арасында бул илдетке чалдыккан 1088 киши катталган. Бул 78 пайызды түзөт. Жаш балдардын арасында дагы ВИЧ илдетинин катталуусу азыр өсүп жатат. Азыркы кезде 58 учур катталды.

-Эң жогорку көрсөткүч кайсы облуска туура келип жатат?

- Эң жогорку көрсөткүч Ош шаары, Ош облусу менен Бишкек шаары, Чүй облусуна таандык. 50 пайыздан ашыгы Ош шаарына жана Ош облусуна таандык.

-Бул эмнеге байланыштуу болуп жатат?

- Илдетке чалдыккандардын 78 пайызы баңгилер. Биринчи кезекте түштүк аймагында наркотрафик жайылган. Ооганстан, Тажикстандан келген маң заттар Ош аркылуу өтөт. Андыктан маң заттар түштүктө арзан баада сатылат.

-90-жылдардын орто ченинде Кыргызстанда ВИЧ/СПИД оорусу өзүнчө экзотика илдети болчу. Буга чалдыккандардын саны аз эмес беле. Кандай жагдайлар Кыргызстанда ВИЧ/СПИД оорусунун таралышына алып келди?

- Туура айтасыз, 97-жылга чейин биздин өлкө “таза” өлкөлөрдүн катарына карип келген. Биздин эпидемиологиялык эсептөөлөргө караганда, СПИД биринчи жолу өлкөдө Африкадан келген студенттердин арасында катталган. Менимче, алардын көпчүлүгү ийне жана жыныстык жол аркылуу дагы жугузган.

-Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]