[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жума, 4-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Коопсуздук жана коргонуу ] МИНСК: ЭГЕМЕНДИК КҮНҮНӨ ЭКИ БОМБА
Өткөн түнү Минскиде концерт маалында бомба жарылып, элүү киши жарадар болду. Милиция окуянын себеп-жөнүн териштирүүгө киришти, азырынча аны тек гана хулигандык иш болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат.


Милиция жарылган заттын колдо жасалган бомба экенин, ичине майда бурамалар шыкалып салынганын аныктады. Жабыркагандардын баары негизинен колу-бутунан жаракат алышты. Үчөөнүн абалы оор дешет, бирөөнө врачтар алты саат операция жасашты.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Анатолий Кулешов жабыр тарткандардын бир тобу ооруканаларга жеткирилип,өз маалында медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, набыт кеткен эч ким жоктугун, кылмыш иши ачылып, окуя териштирилип жатканын билдирди.

Ооруканада жаткан Лилия Мелник: “Балатынын жанында отурган элек. Адегенде салют атылып, жарым сааттай убакыт өткөндөй болгон. Бомбаны кагазга ороп, балатынын түбүнө коюп кетишкен экен, аңгыча эле “дүңк” эткен үн чыгып, балатынын түбү омкорула түштү”,- деп эскерет. Лилия адегенде колунан чөнтөк телефону ыргып кеткенин, андан соң тизесине бирдеме келип тийгендей болгонун, кийин тез жардам ооруканага жеткиргенде дарыгерлер бутунан майда бурамалардын сыныктарын алышканын айтып берди.

Бомба оролгон кагазды балатынын түбүнө концерт башталардан мурда эле калтырып кетишкенин шаардык милиция башчысы да ырастап, ”кылмышкерлер, кыязы, Минскиде шаңдуу майрам болуп жатканына ичи күйгөндөн улам ушундай кадамга барган окшойт” дегендей кыязын билдирди.

Акыркы маалыматтарда милиция шектүү бир-эки адамдын изине түшүп,аларды издеп жатканы айтылды. Мындан тышкары ички иштер министри Владимир Наумов окуя болгон жерден дагы бир жарылма зат табылганын тастыктады.

Майрамдык түнкү оюн-шоокторго президент Александр Лукашенко да катышкан эле. Ал бомба жарылган жерди келип көрдү жана окуяны иликтөө ишин жеке өзүнүн көзөмөлүнө алды. Бейшемби күнү Лукашенко аскери парад кабыл алып, Белоруссиянын көз карандысыздык күнүнө байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктагы позициясы чыңдалып баратканын белгилеген жана “белорустарды опузалоо же санкциялар менен муунтуп салуу ниети таптакыр келечексиз” иш экенин эскерткен.
Эсенбай НУРУШЕВ, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]