[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Дүйшөмбү, 14-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Коопсуздук жана коргонуу ] РАСМИЙ ТБИЛИСИ: ОРУСИЯНЫН ЖОЛУН ЖОЛДОГУСУ КЕЛБЕЙТ
Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өткөн аптада Грузиянын ички ишине кийлигишет жана экономикалык жактан кысым көрсөтүүдө деген негизде Орусияны сынга алды. Ошол эле учурда Москва менен сүйлөшүүлөрдү баштоого анын өлкөсү даяр экенин да билдирди.


Өткөн шаршембиде орусиялык согуштук төрт учак Түштүк Осетиянын баш калаасынын үстүнөн 40 мүнөтчө чалгындоо жүргүзгөн. Муну орусиялык тарап ошол эле күнү моюнуна алып, «жагдайдын кандай абалда экенин тактоо үчүн жасалган кыска мөөнөттүк учуу экенин» ошону менен бирге «ал жердеги маселелерди өзүм билемдикке салып жаткан Тбилисинин тизгинин тартуу болду», - деп чечмелеген.

Грузиянын тышкы иштер министри Эка Ткешелашвили билдиргенге Караганда, мындай кадамдын артында акты-көктү көзгө илбей, ачык эле биздин жерди басып кирүү болду деген:

-Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу баскынчылык ачык эле жасалды. Орусия Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү аркылуу кантип кирип барганын моюнуна алып, аны кандайча жүргүзгөнүнө дейре айтып берип отурат. Муну Орусия атайын чатак чыгаруу үчүн жасады. Биз дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, адилеттик издейбиз. Ошону менен катар ал өлкөдөгү элчибизди кийики учурда өөрчүп бараткан жагдай боюнча баарлашууга чакыртып алабыз.

Өткөн бейшембиде Грузия өзүнүн Орусиядагы элчиси Эроси Кицмаришвилини Москвадан чакыртып алды.

Абхазия менен Түштүк Осетиядагы абалга терең кабатыр экенин ошондой эле орусиялык согуштук учактардын грузин аба мейкиндигин бузгандыгын жактырбай тургандынын Хавиер Солана Евробиримдиктин атынан билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс эки күндүк иш сапары менен Тбилисиде жүрүп, 9-июлда Орусияны бул чырды ырбатпай, кайра аны басууга салым кошууга үндөдү:

-Бул маселени тынчтык жолу менен чечүүгө болот деп ойлойм. Жакшы ымала жеке эле Грузия менен Орусиянын ортосунда эмес, грузин-абхаз мамилесинде да болушу керек. Абхазия келечекте жашоосу оңолоорун билгени жакшы.

Айрым гезит басылмалары бул маселеде «Грузиянын НАТОго мүчө болуу үчүн жасап жаткан аракеттерин АКШ мамкатчысы Кондолиза Райстын колдой тургандыгын уккандан кийин орусиялык ТИМ башчысы Лавров буга окшогон кадамдар - таанылбаган жумурияттар тегерегиндеги жаңжалдарды чечүүдө өтө чоң тоскоолодуктарга алып келээрин эскертти», - деп жазышты.

Муса Мураталиев, Москва


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]