[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шаршемби, 21-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Коопсуздук жана коргонуу ] АКШ ГУАНТАНАМОДОГУ ТҮРМӨНҮ АЗЫР ЖАБА АЛБАЙТ
Кошмо Штаттардын коргоо министри Роберт Гейтстин билдиришинче, Вашингтон Гуантанамодогу түрмөнү жапкысы келсе да, азыр бул мүмкүн эмес. Коргоо министри анын эки себебини атады. Биринчиден, кээ бир өлкөлөрдү ушул түрмөдө отурган өз жарандарынын камын ойлоого ынандыруу мүмкүн болбой жатат. Экинчиден, АКШда айрым өлкөлөр аларга кайтарып берилген коркунучтуу адамдарды бошотуп жиберет деп кооптонууда.


АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Вашингтон Гуантанамодогу абак жайды жабуунун оңтойлуу жолдорун издеп жатып чарчап бүткөнүн туюнтту.

“Чынын айтканда биз бул проблемага белчебизден батып калдык”, - деди Роберт Гейтс колун жая 20-майда парламентте сүйлөгөн сөзүндө.

Гуантанамодо учурда расмий түрдө айып тагылбаган 270 адам отурат. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча алардын 70ке жакыны Оооганстанда жана Иракта кармалгандар. Аларды АКШ “ал-Каиданын” мүчөсү же террорчуларга көмөк көрсөткөн деген шек менен туткунга алган.

Америка Гуантанамодо отургандарды мекенине кайтарып берүүнү көздөгөнү менен, “кээ бир өкмөттөр аларды кабыл албай коюшу мүмкүн, а башка бирөөлөрүн, тескеричсинче, мекенине барганда эле кое бериши ыктымал,” деп коркуп турган чак. Себеби, Пентагондун эсептөөлөрү боюнча, үйүнө кайтарылгандардын 5тен 10 пайызга чейинкиси кайрадан “согуш майданына” чыгышат.

АКШнын коргоо министри Кувейттик Абдулла Салих ал-Ажмини мисал келтирди. Ал Ооганстанда 2002-жылы кармалып, 2006-жылы Кувейтке которулган. Кувейттин Жогорку Соту далилдер жетишсиз деп, ал-Ажмини койо берген. Ал-Ажми үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ирактын Мосул шаарында коопсуздук күчтөрүнө каршы чабуулда өзүн-өзү жардырып жиберген.

Адам укуктары боюнча эксперттер абактагыларды мекенине жиберүүнүн кечеңдеп жатышынын дагы бир себебин аташты.

Лондондо жайгашкан “Эл аралык мунапыс” уюмунун Гуантанамо боюнча эксперти Роб Фрир бул боюнча мындай дейт:

- Кээ бир учурларда Гуантанамо абагында жаткандар үйүнө келип, кыйноого кабылышы мүмкүн. Аларды мекенине кайтарып берүүдө эл аралык мыйзамдарды толук аткаруу да кээде мүмкүн болбой калууда. Ошондуктан абактагылардын макамын өзгөртүү менен аларды үчүнчү өкөлөлөр кабыл алышы мүмкүн. Гейтс мына ушул өлкөлөр Гуантанамодогудай шарт түзүүгө дилгир болбой жаткандыгын айтты, - деп чечмеледи Роб Фрир.

АКШ бийликтери туткундардын кимиси өлкөгө коркунуч туудурбаса же баалуу маалыматы жок деп тапса, андай туткундарды мекенине кайтарууга даяр деген да шек туулат айрым серепчилерде.

Бул укук коргоочулар арасында ар дайым бир беткей эмес пикирлерди жаратып келет. Айрым сенаторлор жана укук коргоочулар АКШны террорчулукка каршы согушту антигуммандык ыкмалар менен жүргүзүүдө деп айыпташууда.

Роберт Гейтстин кечээ парламентте сүйлөгөн сөзүн уккан сенатор Диана Фейнштейн ага: “Гуантанамо суроосу боюнча биз дүйнөнүн чоң ишеничинен айрылганбыз. Эми эмне десеңиз баары бир эмеспи,” деп жооп кайтарды.

Гунтанамо түрмөсү Кубадагы Американын аскер-деңиз базасында жайгашкан. Ал 2002-жылдан бери иштейт.

Аида Касымалиева, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]