[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 22-апрель 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Коопсуздук жана коргонуу ] ГРУЗИЯ МЕНЕН ОРУСИЯНЫН КАЙЫМ АЙТЫШЫ КҮЧӨДҮ
Грузия өкмөтү Орусиянын согуш учагы автоматтык башкаруудагы грузин учагын атып түшүргөнү тартылган тасманы жарыялады. Ушундан кийин, Москва менен Тбилиси ортосундагы кайым айтыш дагы күчөдү. АКШ жана Бириккен Улуттар Уюму тараптарды тынчтыкка чакырууда. Москва Грузиядан бөлүнүп кеткен, бирок таанылбаган Абхазия жана Түштүк Осетия менен байланышын бекемдеп жатканда бул окуя орун алды.


Грузиянын Коргонуу министрлиги дүйшөмбүдө жарыялаган видео тасмада Орусиянын согуштук учагы грузин учагына жакын келип, ок атканын көрүүгө болот. Тасма ошол жерден үзүлүп калган.

Бул окуяга байланыштуу Грузиянын президенти сыналгыдан чыгып сүйлөп, Орусиянын президенти Владимир Путинден телефон аркылуу Грузияга каршы "душманчыл чабуулдарды" токтотууну талап кылганын бышыктады:

- Бул окуя Бириккен Улуттардын хартиясын одоно бузат. Көз карандысыз мамлекеттин аймагын башка мамлекет провокациясыз, эч негизсиз, бардык эл аралык эрежелерди одоно бузуп, бомбалаганы эл аралык агрессияга жатат.

Учак атып түшүрүлгөн окуянын алдындагы аптада Москва Абхазия менен Түштүк Осетиядагы мыйзамдуу органдарды "тааный" баштай тургандыгын жарыялаган.

Кремл жекшембиде грузиялык чалгын учагынын атылышына эч кандай тиешеси жок экендигин айтууда. Орусиянын аба күчтөрү бул күнү анын бир да учагы аталган аймак тарапта болбогондугун билдирди.

Бирок Грузиянын аба күчтөрүнүн башчысы полковник Давид Наирашвили “Азаттыкка” видеодон кол салган учак орустардыкы экендиги даана көрүнөөрүн бышыктады:

- Видеодон Абхазиянын Гудаута шаарында жайгашкан аба базасынан учуп чыккан МиГ-29 учагы биздин учакка жакындап келгенин, аны ракета менен атып түшүрүп, кайра Орусияны көздөй учуп кеткенин даана көрүүгө болот.

Найрашвили ошондой эле Грузиянын Ички иштер министрлигине тиешелүү болгон чалгын учагы Грузиянын аймагы аркылуу план боюнча учуп жүргөнүн билдирди.

Грузиянын коргонуу өкүлдөрү Абхазиянын куралдуу күчтөрүндө да, бул жумуриятта турган орус тынчтык аскерлеринде да учакты атып түшүрүүчү курал жок экендигин белгилешүүдө. Соңку окуяга байланыштуу Грузия кайрадан Орусиянын тынчтык аскерлерин эл аралык күчтөр менен алмаштырууга чакырды.

Былтыр да Грузия Орусиянын эки согуш учагы өлкөнүн аба мейкиндигине кирип келип, грузин-осетин чегарасындагы айылдын чет жакасын аткылаганын айыптаган. Москва ал жолу да бул айыптоону мойнуна алган эмес.

Жаңыл Жусубжан, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]