[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 11-март 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Коопсуздук жана коргонуу ] ИРАН: ТЕРРОРГО ШЫКАКЧЫ БОЛГОН СЫЙЛЫК
Иранда “Акыйкат издеген студенттер кыймылы” аттуу радикалдуу топ израилдик коопсуздук мекемелеринин үч ири жетекчисинин башы үчүн бир миллион доллардан ашуун акча сайганын жарыялады. Билдирүүгө ылайык, бул акчалай сыйлык Израилдин 3 жогорку даражадагы мамлекеттик коопсуздук жетекчилерин өлтүргөндөргө берилет. Кимди өлтүрүү керек экени алдын ала такталган. Бул - Израил коргоо министри жана Израил чалгындоо кызматтарынын башчылары. Ирандык эскичил көз караштагы студенттердин мындай кадамга барышына Газа тилкесиндеги кырдаал, Израилдин Газадагы соңку чабуулу түрткү болду деп айтылат.


Жалпы эсеби менен өмүрү бир миллион доллардан ашуун акчага бааланган 3 израилдик жетекчи кызматкер коопсуздук жаатында иштешет. Коргоо министри Эхуд Баракты өлтүргөн кишиге 400 миң доллар, ал эми Моссад тыңчылык кызматынын башчысы Мэйр Даган менен аскердик чалгындоо кызматынын директири Амос Ядлинди өлтүргөндөргө ар бири үчүн 300 миң доллар акча берилери 9-марттагы жыйын маалында жар салынды.

Ирандык эскичил көз карашты жактаган радикалдуу студенттер тобу акчаны кайдан ала турганы азырынча так айтылбады. Алар өз кезегинде, бул максатка деп элден акча чогултуп жүрүшкөнү айтылат, бирок Иран Университетинин активисти Хамид Абедининин айтымында, топту Иран бийлиги тымызын колдойт:

- “Акыйкат издеген студенттер кыймылы” – желек сымал. Анын алдында бийликти колдогон баардык күчтөр чогулган.

“Акыйкат издеген студенттер кыймылы” тобу 1970-жылдары пайда болгон деп айтылат. Алардын өзгөчө активдүү ишмердүүлүгү азыркы президент Ахмадинежад Тегеран шаарынын акими болуп жүргөн кезге туш келди.

Иран бийлиги радикалдуу топтор менен жакшы алакада экени мурдатан эле айтылып келет. Мисал катары эле, Иран “Хезболла” террористтик уюмунун активдүү мүчөсү болгон Имад Мугниянын элесине арналган почтолук маркаларды чыгарат жана ага эстелик койгон. Имад Мугния, өз кезегинде, 1980-жылдары Ливандагы жардырууларга жана андан көз жумган жүздөгөн америкалык жоокерлердин өлүмүнө жооптуу деп эсептелет.

Учурда Иранда Батышка кандайдыр бир байланышы болгондордун баары өлкө душманы катары каралып, Батышка каршы аракеттер, мыйзам чегинде жатпаса да, бийлик тарабынан колдоого алынып келет. Мындай пикирин Тегеран Университетинин прфессору Садэх Зибакалам “Азаттыкка” билдирди:

- Кыздар көчөдө чогулуп, аялдардын укугун колдоого кол топтошсо, аларды улуттук коопсуздукка доо келтирип жатат деген шылтоо менен түрмөгө отургузуп салышты. Ошол эле кезде, башка бир топ өлкөнүн кызыкчылыгына каршы ачык иш-аракет жүргүзүшсө, бийлик аларга эч кандай чара көрбөй жатат.

“Акыйкат издеген студенттер кыймылы” мындай радикалдуу иш-чараларды маал-маалы менен өткөрүп турат. Буга чейин алар жаштар арасында өзүн-өзү жардырчу жанкечти болууга чакырып үгүт жүргүзүшкөн. Бирок студент Абедининин айтымында, мунун баары саясий оюн-зооктой кабылданган жана ирандык жаштар арасында бул уюм анчалык чоң колдоого ээ эмес:

- Университетте алардын чакыруулары илинип турат. Бирок студенттер аны көп колдошпойт. Бул, болгону, өкмөттүк иш-чара катары кабыл алынат.

Каарманбек Кулуев, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]