[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Бейшемби, 24-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Илим жана билим берүү ] 24-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ
1876-жылы Курманжан датканын уулу Абдылдабек Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевге жооп кат жөнөткөн. 1916-жылдын бу күнү Ош уездине караштуу Үч коргон айлында калк козголуп, аскерге кишилерди бербейбиз деген чакырык менен болуштук башчынын үйүн курчоого алышкан.


Курманжан датканын уулу Абдылдабек 1876-жылдын бу күнү Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевге жооп кат жөнөткөн. Абдылдабектин катында алайлык кыргыздардын орус бийлигине каршы көтөрүлүшүнүн себеби, алардын көздөгөн максаты ачык кабарланат. Мындан тышкаары, Абдылдабек орус бийлигине толук ишенбей тургандыгын, эгер айтылган убадалар толук сактала турган болсо, бийликке моюн суна тургандыгы билдирилет. Абдылдабектин пикирине караганда, эгер орус бийлиги Ош уездинде Шабдан баатырды калтырса, аймакта тартип орномок.

1916-жылдын бу күнү Ош уездине караштуу Үч-Коргон айлында калк козголуп, аскерге кишилерди бербейбиз деген чакырык менен болуштук башчынын үйүн курчоого алышкан. Падышалык бийликтин аскерге адам алган саясатына каршы чыккан үчкоргондуктар болуштан аскерге чакырылгандардын тизмесин тартып алууга аракет жасашкан.

1917-жылдын бу күнү Жетисуу областынын дыйкан депутаттарынын съезди ишин баштаган. 1918-жылдын 24-июлунда Пишпек уезддик эл депутаттарынын Аткаруу комитети Эл чарбасы боюнча Кеңеш куруу туурасында токтом кабыл алды. Токтомго ылайык өлкөдө биринчи өкмөт модели уюшулуп, анын иштө тартиби, курамы сыктуу маанилүү маселелердин мерчеми бекитилген.

1931-жылдын бу күнү Кыргыз обком ВКП (б)сы менен өкмөтүнүн үчүнчү бириккен пленуму ишин аяктады. Пленумда колхозчуларды келишим менен жумушчу катарына тартуу боюнча партия органдарынын ишин жандандыруу маселеси талкууланды. Мындан тышкаары, пленумда жазгы айдоо ишинин аткарылышы, 1932-жыл үчүн элдик чарбаны пландоо жана коомдук-маданий турмуштун өнүгүү келечеги, көмүр өнөр жайын өнүктүрүү маселелери каралган.

2003-жылдын бу күнү кыргыз интеллигенциясынын күзгүсү, улут сыймыгы академик Абдулхай Алдашев жарык дүйнө менен кош айтышты. Академик Алдашев 1918-жылы Жети-Өгүз районунун Аккочкор айлында туулуп, өмүрүн илим, билимге арнаган инсан болгон.

Бу күнү, 1802-жылы теңдешсиз жазуучу Александр Дюма, 1803-жылы «Жизель» балеттин автору Адольф Шарль Адан, 1828-жылы жазуучу Николай Чернышевский жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]