[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 1-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Илим жана билим берүү ] 1-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ
Фрунзе шаардык партиялык активдин 1943-жылдын 1-июлунда Өкмөт үйүндө өткөрүлгөн жыйында жаш жеткинчектерге коммунисттик тарбия берүү маселеси талкууланды. «Кыргызалтын» трестине караштуу «Кумбел» жана «Мелик суу» кендери 1944-жылдын 1-июлунда стратегиялык баалуу кендин өндүрүшүн белгиленген нормадан жогору аткарган.


Айтылуу композиторлор В. Фере менен П. Шубин жетектеген Кыргыз филармониясынын Кырым жана Кавказ курортторуна жасаган концерттик кыдыруусу 1939-жылдын 1-июлунда соңуна чыкты. Кыргызстандык искусство чеберлери курорттук мекемелерден тышкаары эмгекчилер коллективдеринде да концерт беришип, мындагы адамдарды кыргыз аспаптык өнөрүнүн жетишкендиктери менен тааныштырышкан.

Фрунзе шаардык партиялык активдин жыйыны 1943-жылдын 1-июлунда Өкмөт үйүндө өткөрүлдү. Партиялык актив жаш жеткинчектер арасындагы коммунисттик тарбиянын жетишсиз жүргүзүлүп жатышын кескин сынга алды. Айрыкча, балалуу партия мүчөлөрүнө жеткинчектер балдарын каникул маалында бош койбой колхоз талаасына чыгарып, дыйкандарга жардамдашуусу керек экендиги эскертилди. Балдарын коруп, бакчаларга чыгарбаган коммунист ата-энелерге партиялык жазалар көрүлө тургандыгы белгиленген.

«Кыргызалтын» трестине караштуу «Кумбел» жана «Мелик суу» кендери 1944-жылдын 1-июлунда стратегиялык баалуу кендин өндүрүшүн белгиленген нормадан жогору аткарган. Айрыкча, пландан ашыкча өндүрүлгөн 7 тонна вольфрам Кызыл Армиянын Башкы командачылыгынын фондуна берилип, ал Улуу жеңиштин баалуу кошумчасы катары бааланган.

Фрунзе шаарынын ишкана жана мекемелери 1957-жылдын бул күндөрү коммунисттик партиянын тазалыгы туурасындагы маселени талкуулашты. Партиялык актив «Маленков, Молотов, Каганович жана аларга кыпчылган Шепиловдун коммунисттердин катарын бөлүп-жарууга жасаган аракетин» айыптаган. Завод жана фабрикалардын эмгекчилери аталган жолдоштор Хрущевду кызматтан алуу амалын көздөгөндүгүн белгилешип, коммунисттик партиянын катарын чыңдоо зарылчылыгын күн тартибине коюшкан.

Шаардыктар арасында «Фрунзелик Черемушка» аталган мурдагы Ярослав, азыркы Ахунбаев атындагы көчөдөсүндө 1964-жылдын 1-июль күнү стоматологиялык поликлиника ачылган. Стоматологиялык поликлиника ошол кездеги медициналык техниканын жетишкендигине ылайык жабдылып, стоматологиялык бардык жардамды көрсөтө алган. Мындан улам жаңы поликлиника Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун стоматологиялык факультетинин базасы катары таанылган.

Муратбек Кожобеков, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]