[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жума, 25-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Саясат ] ОБАМА ФРАНЦИЯГА КЕЛДИ
Америкалык президенттикке талапкер Барак Обама европалык сапарын бүгүн-эртең Францияда жана Британияда улантууда. Мунун алдында ал Берлинде 200 миңден ашуун кишинин алдында сөз сүйлөгөн.


Барак Обама Парижде президент Николя Саркози менен жолугууда. Германиядагыдай эле, Францияда Обаманын популярдуулугу өтө жогору. Соңку сурамжылоого караганда, эгер француздар Обамага добуш бере алгыдай болсо, аны алардын 84 пайызы колдомок экен.

Буга салыштырмалуу Франциянын президентин бүгүн француздардын 40 пайызы гана колдойт. Ошондуктан айрым баяндамачылар белгилегендей, Саркози немистер "супер-жылдыз" деп атаган Обаманын жанында туруп элге көрүнүп калууга ынтызар экендигин элестетүү кыйын эмес. Ансыз деле Обама келип аткан чакта "Ле Фигаро" басылмасы анын Обаманы "досум" деп атаганын жазды. Гезитке ылайык, Саркози ошондой эле анын кеңешчилери Хилари Клинтон жеңет деп айтса да, "буга эч ишенген эмесмин" дептир.

Обаманын Франциядагы зор популярдуулугунун дагы бир өңүтү бар. Францияда теги түндүк африкалыктар калктын 10 пайызы түзөт, бирок континенталдык Франциядан 577 орундуу улуттук жыйынга бир гана азчылык өкүлү шайланган. Жогорку палатада бир да азчылык сенатору болуп көргөн эмес, ал эми 36 миң шаар акимдери арасында алар саналуу гана бар.

Популярдуулук маселеси бир жөн, эки тарап талкуулай турган конкреттүү маселелер да бар. Обама Ооганстандагы ал-Каида жана талибдер менен күрөштөгү жеңишти өзүнүн тышкы саясатынын башкы максаты деп тандап алган. Ал бейшембиде Берлиндеги сөзүндө мындай деди:

- Талибдер менен ал-Каиданы жеңиши үчүн, экономиканы өстүрүп, өлкөнү кайра куруу үчүн ооган калкына биздин жана силердин аскерлер, биздин жана силердин колдооңор керек. Азыр биз Ооганстанга аркабызды салып кетсек, чоң уттуруп коебуз.

Обама Саркозини Ооганстанда дагы кошумча аскер жиберүүгө үгүттөөрү анык. Бирок бул жеңил иш эмес.

Себеби мунун алдыңкы күнү эле Франциянын өкмөт башчысы Франсуа Фиоң француз армиясынын саны 54 миңге кыскартылаарын жарыялаган. Бир сөз менен айтканда, Европалыктар Обаманын Европа менен биримдик тууралуу идеяларын колдошкону менен, чет элдик аскердик операциялардын чыгымдарын жана жоопкерчилигин тең бөлүшүүгө европалыктардын анчейин кызыгуусу жок бойдон.

Франциядан ары Обама Лондонго жол тартууда. Анда ал британ өкмөтүнүн жетекчиси Гордон Браун менен түштөнөт. Браун да Обаманы Саркозидей популярдуулугу түшүп, акыркы жергиликтүү кошумча шайлоолордо утулуп калган мезгилде кабыл алууда.

Жаңыл Жусубжан, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]