[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 29-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Саясат ] ГЕЛАНИ АКШга «САЯСЫЙ МҮНӨЗҮН» КӨРСӨТТҮ
Пакистан АКШдан көз карандысыз саясат жүргүзө турганын премьер-министри Юсаф Раза Гелани дүйшөмбү күнү Вашингтондо жарыя кылды. Исламабад менен Вашингтондун мамилеси Пакистанда февралда өткөн парламенттик шайлоодон кийин кыйла осолдоп кеткен. АКШ Пакистандын чек арасын бекем күзөтө албай, өлкөнүн тоолуу аймактарын пааналаган талип согушчандарнын Ооганстанга кол салуусуна нааразы. Ошентсе да, президент Буш жана премьер-министр Гелани Ак үйдөгү кездешүүдөн соңку маалымат жыйынында эки өлкө арасындагы карама-каршылыктар артта калган таризде сүйлөштү.


Буш жана Гелани Ак үй короосунда кабарчылар менен болгон кездешүүдө АКШ жана Пакистан ислам согушчандарына каршы күрөштө мындан ары да чогуу аракеттенээрин билдиришти. Буш ошондой эле Пакистан Ооганстан жактагы чек арасын бекемдей алаарына ишенгенгенин айтты:

- Биз Ооган чек арасындагы коопсуздукту колдон келишинче жакшыртуу тууралуу сүйлөштүк. Пакистан бийликтери бул максатка жетүүнү чечкиндүү колдойт. Мен премьер-министрге Ооганстандагы демократиянын ийгилиги үчүн Кошмо Штаттар мүмкүн болгондун баарын жасаарын айттым. Коңшулаш өлкөдө тынчтыктын болуусуна Пакистан да кызыкдар.

Ак үйдөгү сүйлөшүүдөн бир нече саат илгери Пакистандын Ооганстан жак чек арасына жакын жердеги медресе ракетадан аткыланып, алты киши набыт болгон. Вашингтон өлгөндөрдүн ичинде согушчандарды химиялык жана биологиялык куралдарды жасоого үйрөткөн «ал-Каиданын» эксперти Абу Кабаб ал-Масри да болушу ыктымал деп маалымдады. Бул кабарды Пакистан армиясы төгүндөдү. Бирок Пакистандын чалгындоо кызматынын жетекчилиги ал-Масри набыт болду деген ишенимде экенин ырасмий эмес түрдө билдирген.

Президент Буш жана премьер-министр Гелани Ак үйдөгү маалымат жыйынында Түштүк Вазиристандагы ракета чабуулу жөнүндө сөз кылышкан жок. Анткен менен Гелани кийинчерээк Си-ен-ен телеканалына берген интервьюда ракета чабуулун урууну АКШ жеке өзү чечсе, бул Пакистандын күнкорсуздугун ачыктан ачык бузуу болорун эскертти. Пакистан экстремизмге каршы натыйжалуу күрөшүүсү үчүн эки өлкө чалгындоо маалыматтарын бөлүшкөнү оң, деп кошумчалады Гелани.

Буга дейре Пакистан уруулары жашаган аймактарга АКШлык авиация менен ракеталардан урулган соккулар пакистандыктарды нааразы кылып, Вашингтон-Исламабад арасындагы мамиленин осолдошуна алып барган.

Төрт айдан бери өкмөттү жетектеп жаткан Гелани Вашингтонго Пакистан-Кошмо Штаттар арасындагы мамилени жакшыртууну көздөп келген.

Жорж Буш ортодогу нараазылыкты жымсалдоо үчүн Пакистандын эгемендигин сыйлай турганын кабарчыларга астейдил эскертти. Буштун Пакистандын эгемендигин колдогону Геланини ыраазы кылды:

- Президент Бушка демократияны жана Пакистандын күнкорсуздугун колдогону үчүн, биздин көйгөйлөрүбүзгө жана эки арадагы кызматташууга көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирем.

Гелани ошондой эле Пакистан өкмөтү мусулман экстремисттерин жок кылууга дилгир экенин, алар Пакистан элдик партиясынын лидери Беназир Бхуттонун өлүмүнө жооптуу экенин америкалыктардын эсине салды.

Амирбек Усманов, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]