[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шаршемби, 9-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Саясат ] К.АМАНКУЛОВ: АР БИР СПОРТЧУНУН ҮМҮТҮ ЧОҢ
Жакындап калган Бээжин олимпиадасына катыша турган кыргыз спортчуларынын даярдыгы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика боюнча федерациясынын жетекчиси Канат Аманкулов жооп берген.


“Азаттык”: Алгач айтсаңыз Бээжин олимпиадасына Кыргызстандан канча спортчу бара турган болду. Дагы кошумча жолдомолор болдубу?

К.Аманкулов: Жалпы эсеп менен бүгүнкү күндө жыйырма бир жолдомо алдык. Анын жыйырмасы бекилди. Дагы бирөөсү бекий элек. Аны ушул жума ичи күтүп жатабыз. Жалпы эсеп менен жыйырма бир спортчу балдарыбыз барат деп турабыз.

“Азаттык”: Анда биздин спортчу балдар спорттун кайсы түрү менен күч сынашмакчы?

К.Аманкулов: Биздин спортчулар спорттун он түрү менен катышат.

“Азаттык”: Буга чейин Бээжин олимпиадасына президент Курманбек Бакиевдин да барары айтылган эле. Расмий топтун курамы аныкталдыбы?

К.Аманкулов: Расмий топтун курамы бүгүн аныкталып, бүгүн Бээжинге жөнөтүлөт.

-“Азаттык”: Кыргыз спортчуларынын даярдыгы кандай болуп жатат учурда?

К.Аманкулов: Жалпы эсеп менен Улуттук олимпиада комитети менен мамлекеттик дене-тарбия жана спорт боюнча агентинин жетекчиси, федерациялардын жетекчилери менен бекитилген пландар боюнча биздин балбандар жеңил атлетика жана башка спорттун түрлөрү боюнча даярдыктарды көрүп жатышат.

“Азаттык”: Сиздердин божомол боюнча биздин спортчу балдар байгелүү орундарды канчалык камсыз кыла алат?

К.Аманкулов: Ар бир спортчунун үмүтү чоң. Биздин да үмүтүбүз чоң. Толугу менен шарттарды түзүп берип жатабыз. Жакшы жетишкендиктерге жетишебиз деген тилектер бар.

“Азаттык”: Буга чейин быйыл биринчи жолу кыргыз спортчулар аталган олимпиадага улуттук кийимдер менен бара тургандыгы тууралуу айтылды эле. Ал кийимдер даяр болдубу?

К.Аманкулов: Улуттук кийим-кечелер толугу менен даяр. 29-июлда президент өзү баш болуп биздин улуттук команданы олимпиадага жөнөтүү боюнча расмий түрдө кече болот.

“Азаттык”: Маегиңизге ырахмат.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]