[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Бейшемби, 29-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Саясат ] АЙТИБАЙ ТАГАЕВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТӨРАГАЛЫГЫНА ШАЙЛАНДЫ
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында бул орунга көрсөтүлгөн талапкерге 77 депутат макул, 2 депутат каршы добуш беришти. Натыйжада Айтибай Тагаев көпчүлүк добуш менен ЖК төрагалыгына шайланды деп табылып, парламент бул боюнча тиешелүү токтом кабыл алды. Жаңы төрага ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирген соң, парламент саат 14кө чейин танаписке тарады.


Талапкерлиги көрсөтүлгөн соң Айтибай Тагаев депутаттардын алдына чыгып, үч фракция менен да жолугушуп келгенин, чынында төрагалыкка көрсөтүлүшү күтүүсүз болгонун айтып, ишеним көрсөткөнү үчүн президентке жана “Ак жол” партиясынын саясий кеңешине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал 90 депутатты бөлбөй, бардык фракциялар менен бирдей иштешээрин, алдыда экономикалык бир катар мыйзамдарды кароо зарылдыгы турганын, алар убагында кабыл алынса парламент элге кыйла жардам бермектигин белгиледи. Талапкерге депутаттар тарабынан эч кандай суроо берилген жок.

Айрым депутаттар президент тарабынан Айтибай Тагаевдин талапкерлиги сунушталганына таң калып жатышканын журналисттерге билдиришкен. СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов Ак үйдүн таасири менен ушундай иш болуп жатканын, бул келечекте терс таасирин тийгизээрин айтканын парламентте жүргөн кабарчыбыз билдирди.

Айтибай Тагаев 1958-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Эскиноокат айылында туулган. Мурдагы чакырылыштагы парламент депутаты болгон. 2007-жылдан бери “Ак жол” партиясынын мүчөсү.



[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]