[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 20-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Саясат ] КЫРГЫЗ ХОР ӨНӨРҮНҮН БАРДЫК ӨКҮЛДӨРҮНҮН МУГАЛИМИ
Эртең Улуттук опера жана балет театрында алгачкы кыргыз хормейстри Султан Юсуповдун 90 жылдыгы ырасмий белгиленмекчи. Ал эми бүгүн күндүзгү саат тогуздан тарта Улуттук консерваторияда республикалык хор топторунун сынагы өтөт.


Султан Юсупов учурунда Москва консерваториясын аяктап, кыргыз хор өнөрүн чет жактарга чейин тааныткан. Султан Юсупов алгачкы кыргыз хормейстри катары көп жылдар мамлекеттик опера жана балет театрында башкы хормейстр болуп иштеген жана улуттук консерваторияда жаш адистерди даярдаган. Султан Юсуповдун чыгармачылыгы тууралу “Султан Юсуповдун чыгармачылыгынын хордук миниатюрасы” жана “Кыргыз хордук адабияты тууралу чакан очерктер” аттуу китептерин жазган Улуттук консерваториянын дирижердук кафедрасынын башчысы Айнагүл Мураталиева Султан Юсуповду кыргыз хор өнөрүнүн бардык өкүлдөрүнүн мугалими деп атады:

-Мен Султан Юсупов менен 1975-жылдан тартып бирге иштеп калдым. Ал кишиден көп нерсени үйрөндүм. Дегеле бардык кыргыз хормейстрлери Султан Юсуповду мугалимибиз деп атайбыз. Анткени ал киши кыргыз хор өнөрүнө өтө чоң эмгек сиңирген.

Султан Юсуповдун “Күкүк”, “Ата-энем өскөн жер аман”, “Күбөсү болгун сүйүүнун”, “Россия”, “Жайкы түн”, “Паризат” хорлору алтын фондуга алынган. Бүгун Улуттук консерваторияда саат 9 да баштала турган “Булбул үндөр” республикалык фестивалы Султан Юсуповдун 90 жылдыгына арналмакчы:

Ал эми эртең болсо улуттук опера жана балет театрында маркум композитор, алгачкы кыргыз хормейстри Султан Юсуповдун 90 жылдыгы ырасмий белгиленип, чыгармалары аткарылмакчы. Султан Юсуповдун окуучуларынын бири Айнагүл Мураталиеванын айтымында мурда кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип кеткен хормейстр Владимир Шиллер Султан Юсуповдун хорого жазылган 4 чыгармасын немец угармандарына тааныштырмакчы.

Фатима Абдалова, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]