[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Ишемби, 12-апрель 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Саясат ] БИШКЕКТЕ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ (сүрөт баян)
Бүгүн саат ондо жалпы Элдик курултайдын катышуучулары Горькийдин Бишкектеги эстелигинин жанына чогула башташты. Бирок Бишкектин ал жерге келген мэри Данияр Үсөнов уруксат суроо өтүнүчүндө митинг өткөрүү тууралуу жазылган эмес жана шаардагы тазалыкты сактоого шаар бийлиги милдеттүү деп, сүйлөөгө, ырдоого тыюу салып, микрофондорду алдырып салды.


Кабарчыбыздын маалыматына ылайык, ушул тапта чогулган элдин саны 500дөн ашып, жыйын өтө турган жерге “Ата Мекен”, “Асаба”, “Ар намыс” партияларынын желектери илинди.

“Асаба” партиясынын өкүлдөрү “Бийликти бир үйбүлө үчүн эмес, улут үчүн иштөөгө чакырабыз!”, “Тилиңди, дилиңди жоготпо, кыргыз!” деген ураандар жазылган транспаранттарды көтөрүп турушса, Таластан келген делегаттар “Таластыктар алакандай жерин алтынга да алмашпайт!” деген ураандар менен келишкен.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов Бишкек шаар мэри Данияр Үсөновдун сүйлөөгө тыюу салганына карабай мамлекеттеги кырдаалды ар тараптан иликтөө үчүн эл өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу экендигин билдирип, курултай алдындагы талкуу иш-чарасы башталгандыгын жарыя кылды.

Курултайдан расмий бөлүгү саат 12де Кожомкул атындагы спорт сарайында башталат.

Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров, Бишкек



[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]