[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Ишемби, 18-июнь 2005 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Саясат ] ОШТО ӨКМӨТ ҮЙҮН БАСЫП АЛУУ АРАКЕТИН АЙЫПТАГАН МИТИНГ ӨТТҮ
Ишембиде Ош шаарынын борбордук аянтында тынчтык митинги болуп өттү. Митингдин катышуучулары “Алай” мейманканасынын жанындагы ок атууну кылдат иликтөөнү жана 17-июнь күнү Акүйдү басып алуу аракетин уюштурган адамдарды жоопко тартууну талап кылышты.


Ош облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев 13-июнь күнү “Алай” мейманканасынын жанындагы ок атуу окуясына себепкер катары депутат Баяман Эркинбаевди айыптады:

- Кыргызстанда мындай адам аткызган уюшкан иштерге орун жок. Элди алдап келди. Мен баатыр деп атагам. Эмне себептен? Карапайым эл турганда биз кара күчтөрдү революцияга колдонгонбуз. Баатыр деп аны наркы жактан бери жака тартканбыз. Ошон үчүн мен, силерден кечирим сурайт.

Митингге чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү ок атуу фактысынын бетин ачууда укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразылыктарын билдиришти. Шаардын баш милициясы Рустам Мырзаматов окуяны иликтөөнүн жүрүшү боюнча төмөндөгүлөргө токтолду:

- Бул окуя боюнча кылмыш иш козголгон үч статья менен. Бул массалык башаламандыкты уюштургандыгы үчүн, адамдарды өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн, хулигандык менен. Азыр куралды колдонуп, көтөрүп жүргөн балдарды биз издеп атабыз. Аларды кармаарыбыз менен суракка алабыз.

Ал эми депутат Баяман Эркинбаевдин жактоочулары ага карата жалаа жабуу жана кысымчылыкка алуу өнөктүгү жүрүп жатат деген пикирлерин айтышты:

- Эч кандай автомат, пистолет мейманканадан чыкпаптыр. Бул бийликтин ушул жигитке болгон көралбастыгы деп сезем, - деди өзүн Баяман Эркинбаевдин жактоочусумун деп тааныштырган Ташболот Мырзаказиев.

Митингдин аягында анын катушуучулары өлкөдөгү бейпилдикти бузууга кызыкдар күчтөрдүн аракеттерине жол бербөөгө чакырган кайрылуу кабыл алышты. Аны эл алдында белгилүү публицист, журналист жана жазуучу Токтобай Мүлкүбатов мындайча окуп берди:

- Биз бүгүнкү митингдин катышуучулары бүткүл кыргыз элин, Кыргызстандын көп улуттуу калкын мындан ары андай бузукуга жол бербөөгө, өлкөдө турукташып келаткан мыйзамдуулукту, стабилдүүлүктү жана биримдикти көздүн карегиндей сактап, алдыда жакындап келаткан президенттик шайлоону тынч жана таза өткөрүүгө чакырабыз.

Кубанычбек Жолдошев, Ош


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]