[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Ишемби, 21-май 2005 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Саясат ] ТАЛАПКЕРЛЕР КУРМАНБЕК БАКИЕВ МЕНЕН ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИЛИШЕТ
Бүгүн - 21-майда президенттикке талапкерлер Курманбек Бакиев менен Турсунбай Бакир уулу мамлекеттик тилди билүү же билбегенин аныктаган сынактан өтүштү.


Тил сынагын тапшыруунун алкагында программасын тааныштырган Курманбек Бакиев Кыргызстанда премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарыл деген пикирин айтты. Ошондой эле ал бийлик бутактарынын ортосунда теңсалмактуулук болушу керек деп билдирди.

Экономика боюнча пикирин айткан талапкер Бакиев салыктар өндүрүштү колдоого багытталыш керек деди. Бакиев коррупцияга каршы күрөштү да негизги максаты деп эсептейт.

Натыйжада талапкер Курманбек Бакиев мамлекеттик тилди билет деген баа алды.

Андан кийин тил сынагын тапшырган талапкер Турсунбай Бакир уулу премьер-министрдин кызматын жоюп, президент аткаруу бийлигинин башына келиш керек деген оюн айтты.

Турсунбай Бакир уулунун пикиринде бийлик башына эгер динге ишенген адам келсе Кыргызстанда өнүгүү болмок. Турсунбай Бакир эгер мага эл ишеним көрсөтсө мен коргоо министри кылып аялды дайындамакмын, ошондо армиядагы абал оңолмок деген оюн айтты.

Тил комиссиясынын мүчөлөрү да талапкер Турсунбай Бакир уулу мамлекеттик тилди билет деген жыйынтык чыгарышты.

Мамлекеттик тил боюнча кезектеги сынак 28-майда өтөөрү болжолдонууда.



[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]