[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жума, 25-март 2005 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Саясат ] КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЛГАЧКЫ ДАЙЫНДООЛОРДУ ЖАСАДЫ



Кыргызстандын президентинин жана өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 25-мартта алгачкы бир нече жардыкка кол койду. Анын негизинде Кыргызстандын мамлекеттик катчылыгына Дастан Сарыгулов, президенттик администрация жетекчилигине Үсөн Сыдыков, Ош облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Анвар Артыков, Жалалабат губернаторунун милдетин аткарууга Жусупжан Жээнбеков, Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Тургунбек Кулмурзаев жана Башкы прокурордун милдетин аткарууга Азимбек Бекназаров дайындалышты. Президенттин милдетин аткаруучунун бир нече буйругу менен мамлекеттик катчылыктан Осмонакун Ибраимов, президенттик администрация жетекчилигинен Тойчубек Касымов, биринчи вице-премьер министрлик жана транспорт министрлигинен Кубанычбек Жумалиев, Ички иштер министринин милдетин аткаруудан Кеңешбек Дүйшөбаев, Тышкы иштер министрлигинен Аскар Айтматов, Каржы министрлигинен Болот Абилдаев, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Темирбек Акматалиев бошотулушту. Андан тышкары Чүй облусунун губернатолугунан Азамат Кангелдиев, Жалалабад облус губернаторлугунан Жусупбек Шарипов, Ош облусунун губернатолугунан Кубанычбек Жолдошев жана Башкы прокурордун милдетин аткаруучулуктан Мурат Суталинов бошотулушту.
Бүбүкан Досалиева, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]