[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Бейшемби, 24-март 2005 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Саясат ] ПАРЛАМЕНТТИН ЖЫЙЫНЫНДА ӨКМӨТ БАШЧЫЛЫККА КУРМАНБЕК БАКИЕВ ШАЙЛАНДЫ
24-мартта Жогорку Кеңештин мурдагы жана кийинки чакырылыштарынын депутаттары жыйын куруп, анда өкмөт башчылыкка Курманбек Бакиев шайланды. Күндүз демонстранттар Ак үйдү ээлеп алгандан кийин Аскар Акаевдин Кыргызстандан чыгып кеткени анык болгон. Николай Танаевдин бийликтен кеткенин болсо Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова билдирди. Ошентип Курманбек Бакиев аткаруу бийлигинин башына келди.


Бакиев Курманбек Салиевич 1949-жылы 1-августа Жалалабат обласынын Сузак районундагы Масадан айылында туулган. Улуту кыргыз. Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. 1972-жылы Куйбышев шаарындагы политехникалык институттун инженер-электрик бөлүмүн бүтүргөн.


Эмгек жолу:
-1974-1976-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

-1976-1979-жылдары Куйбышев шаарындагы Масленников «ЗИМ» заводунда электромеханик, инженер-электронщик болуп иштеген.

-1979-1985-жылдары Жалалабат шаарында башкы инженер болуп иштеген

-1985-1990-жылдары Көкжаңгак шаарындагы «Профил» заводунда директор болуп иштеген.

-1990-1991-жылдары Көкжаңгак шардык кеңешинин төрагасы, партиянын шаардык кеңешинин биринчи катчысы болуп иштеген.

-1991-1992-жылдары Жалалабат областык кеңешинин төрагасынын орун басары.

-1992-1994-жылы Тогузторо райондук администрациянын башчысы.

-1994-1995-жылдары Кыргыз республикасынын мамллекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары.

-1995-1997-жылдары Жалалабат областтык админстрация башчысынын орун басары, андан соң областык администрация башчысы.

-1997-2000-жылдары Чүй областык администрация башчысы, андан соң Чүй обласынын губернатору болуп иштеген.

-2000-жылдын 22-майынан 2002-жылдары өкмөт башчы.

-2002-жылдын 20-октябрынан баштап Жогорку Кеңештин депутаты.

Үй-бүлөөлүү. Эки эркек баласы бар. 2003-жылы «Кыргызстан региондору» депутаттык тобуна кошулган.

-2004-жылы Кыргызстан элдик кыймылын жетектеген.



[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]