[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шаршемби, 30-март 2005 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Саясат ] ФЕЛИКС КУЛОВ АСКАР АКАЕВДИН КООПСУЗДУГУ САКТАЛААРЫН БИЛДИРДИ
Бүгүн 30-мартта Кыргызстандын күч органдарынын жетекчиси Феликс Кулов чет элдик журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Кулов кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевди акылдуу адам, ошондуктан бийликти мыйзамдуу өткөрүп бериши керек, эгер Акаев кайтып келсе анын жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу сакталат деп билдирди.


Учурда Кыргызстанда президент бар, бирок ал өз милдеттерин аткарбай калды, ошондуктан анын кызматын бирөө өзүнө алууга тийиш, деди Феликс Кулов.

Президенттин милдетин болсо легитимдүү парламент Курманбек Бакиевге жүктөдү. Ошондуктан легитимдүү премьер-министр да бар, легитимдүү парламент да бар деди ал.

Алдыдагы - 26-июндагы президенттик шайлоо тууралуу Феликс Кулов Аскар Акаевдин кечээ күнкү айткандарынан кийин аны кайра карап көрүү керек, бир эле учурда президент да турганда ошол эле маалда президенттик шайлоо өткөнү ыйгайсыз деди.

Көпчүлүк журналисттерди негизинен Куловдун президенттик шайлоого катышаар-катышпасы кызыктырды. Ал бул маселени жакшылап ойлонуп көрүү керектигин билдирди.

Кубат Оторбаев, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]