[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жекшемби, 20-март 2005 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Саясат ] ОШ ОБЛАКИМЧИЛИГИН АЛУУ УЧУРУНДА ЖАБЫРКАГАН АДАМДАРДЫН АЙТКАНДАРЫ
20-март күнү эртең менен Ош жана Жалалабат облакимчиликтерине милиция кирип, шайлоого нааразы болгон элди сүрүп чыгарды. Бул иш-чаранын учурунда бир нече адам жаракат алганы айтылууда. Төмөндө алардын айырмдарынын пикирлери:


Алибекова Сажида: - Биз Алайкууданбыз. Каракулжада 10 күн турдук. Ошто 10 күн турдук. Түндө саат 2-3төр чамасында 3-4 аскер машинелери келип, имараттын алдында токтошкон. Таңга жуук ызы-чуу башталды. Карапайым элдин колунда эчтеке жок, токмок жеди. Менин белиме дубинка менен 3-4 жолу коюшту, мен го жашмын, ал жердеги 70ке чыккан карыялар, апаларыбыз кор болушту… Мен азыр жолдошумду таппай жүрөм.

Сагынбай: - Имараттын ичинде аялдар, карыялар көп болчу, ичинде 300-400 адам бар болчу, бардыгы эртең менен тынч уктап жатышкан. Айрымдары намаз окуп жатышкан, Бишкектен келген атайын даярдалган топ - спецназ - эч кимди аяган жок. Коркконунан экинчи кабаттан да секиргендер болушту. Жарадар болгондор абдан көп. Карыябы, балалуу аялбы, аскерлер - баарын дубинкалар менен сабап жатышты…

Алынган маалыматтарга караганда Карасуудан болгон Нурила Жээнбекованын колун дубинка менен сындыра чабышкан. Ал эми Каныбек Байгазиев аттуу жаран азыр ооруканада оор абалда жатат.

Аида Касымалиева, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]