[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Дүйшөмбү, 19-июль 2004 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Саясат ] ЕВРОБИРИМДИК ГРУЗИЯГА МИССИЯ ЖӨНӨТҮҮДӨ
Ушул аптада Евробиримдик биринчи жолу ага мүчө эмес өлкөдө - Грузияда өзүнүн мыйзамдуу миссиясын ачканы турат. Миссиянын сегиз өкүлү Грузиянын министрликтеринде жана мамлекеттик институттарында отурушат. Миссиянын башында турган франциялык юрист Силвия Пантздын айтымында, эксперттер Грузиянын сот бийлигин, полиция жана жазаны аткаруу системасын реформалоого көмөктөшөт.


Дүйшөмбү күнү Силвия Пантз Тбилисиге келери менен ал грузин бийлигине ырасмий тааныштырылат. Силвия Францияда 20 жыл бою сот жана прокурор болуп иштеп жүрүп, эл аралык абройго ээ юрист катары чыга келди. 1990-жылдары ал Югославия иштери боюнча эл аралык кылмыш трибуналында төрт жыл бою иштеди. Андан кийин БУУнун башкы өкүлү катары Косоводогу жана Босниядагы сот жараяндарына катышып жүргөн.

Өткөн аптада Брюсселде журналисттер менен баарлашып жатып, Грузиядагы сот реформасын ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди:

-Мен жетекчилик кыла турганыма өзүмдү бактылуу сезип турган, ошондой эле грузиндер өздөрү да көздөп аткан бул миссиянын башкы максаты - бардык идеялардын туура орток жерин тапканга жардам берип, сот бийлигинин өнүктүрүүнин стратегиясын иштеп чыгууга көмөктөшүү болуп саналат.

Евробиримдиктин Грузиядагы миссиясы эки жагдай менен тарыхый окуя болуп саналат. Биринчиден, мүчө эмес мамлекетте кризисти жоюуну колго алышууда. Экинчиден, чакан миссиянын убактылуу түзүлүшү да биринчи ирет болуп жатат. Миссия Грузияда бир жыл болуп, Евробиримдиктин жаңы мүчөлөрү болгон Литва менен Латвиядан да бирден өкүл кошулары күтүлүүдө.

Евробиримдиктин эксперттреи Грузиянын министрликтеринде жана Жогорку сот, Тбилиси прокуратурасы, соттук кеңеш өңдүү негизги бийлик кеңселеринде отурмак болушту. Жума күнү Пантз айым эксперттер Грузиянын укук коргоо жаатына көз саларын билдирди:

-Миссия мыйзамдардын аткарылышы, жазалоонун жүрүшү, соттордун эркиндиги жана алардын маянасына чейин карап чыгат. Ошондой эле соттордун, прокурорлордун, адвокаттардын ишмердигине көзөмөл жүргүзөбүз.

Бирок Силвия Пантз Грузиядан даяр системаны күтпөстүгүн мындайча билдирген:

- Мен мурда түшүндүргөндөй, бул менин системам же француз системасы болбойт. Ал деген - алардын системасы болот. Бул абдан маанилүү деп ойлойм. Алар өз тарыхынан, салттарынан эле өз системасын калыптандырышы керек. Ошол азаптануулардан, кыйналуулардан анан мамлекет бутуна турат да.

Ошенсте да, Пантз айым башка өлкөлөр башынан кечирген, мисалы, Литванын сот системасындагы реформанын тажрыйбасын сунуш кыларын айтты. Ал эми Евробиримдиктин өкүлдөрү постсоветтик мамлекеттердин биринен дагы мындай миссияны өз өлкөсүндө кабыл алуу меймандостугу анча сезилбегенин белгилешти.

Чолпон Орозобекова, Прага


Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]