[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жума, 23-июль 2004 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Саясат ] САЙДУЛЛАЕВ ШАЙЛООДОН ЧЕТТЕТИЛДИ
Чеченстандын шайлоо комиссиясы бейшембиде жумурият президенттиги үчүн күрөшкө катышабыз деген кишилер ичинен 6 талапкерди каттоого алды. Ошол эле учурда Малик Сайдуллаев менен Зура Магомедованы каттоого алуудан баш тартты. Малик Сайдуллаевди паспортунда туулган айылы туура көрсөтүлбөй калгандыгы үчүн жарыштан алып таштады. Кремль колдоого алып келаткан, азыркы Чеченстан ички иштер министири Алу Алханов 15 августа талапкер болуп тизмеге алынган. Жумуриятта президентти шайлоо 29-августта өткөрүлгөнү жатат.


Чеченстандын шайлоо комиссиясы жарыя кылган маалыматка караганда, буга дейре жумурияттагы башкы орунду ээлеш үчүн жарышка катышам ниети менен 19 киши арыз киргизген. Алардын ичинен комиссия 7 кишини талапкер болууга жарайт деп тизмеге киргизди. Алар: Чеченстан президентине кеңешчи болуп келген Ваха Висаев, “Недр” компаниясынын баш деректири Магомед Айдамиров, “Чеченнефтехимпром” баш деректири Умар Абуев, “Учурдагы мээримдүүлүк академиясы” мекемесинин деректири Абдула Бугаев, Чеченстан боюнча ФСБ башкармасынын жетекчиси Мовсур Хамидов, жумурият мамлекеттик аппаратынын кызматкери Махмуд-Хасан Асаков бар. Андан мурда, 15-июль күнү Чеченстан ички иштер министри Алу Алханов каттоодон өткөн.

Чеченстан шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдул-Керим Арсаханов айтканга караганда:

- Шайлоочулар бул же тигил талапкерди колдоого алуусу чоң жоопкерчиликте болуп атат.

Ошол эле бейшемби күнү шайлоо комиссиясы эки кишини каттоого алуудан баш тартты. Алардын бири - таанымал ишкер Малик Сайдуллаев. Шайлоо комиссиясы, аны паспортунда туулган жери бурмалангандыгы үчүн жарыштан алып салдык деген.

Анализчилер баамында Чеченстанда өткөнү жаткан президентти шайлоо - бул жолу бурмалоо менен өтөт. Ал жогорку орун Кремлге жакын жүргөн кишиге берилет. Андай талапкер болуп жумурияттын азыркы туштагы ички иштер министри Алханов эсептелерин да айтышат. Эл аралык “Мемориал” уюмунун төрагасы Арсений Рогинский мунун себебин - жумуриятта саясий жагдай жок болгонунан улам, экинчиден, бийлик кадыровчулардын колунда болгонунан улам деп чечмелейт:

- Чеченстанда саясий майдан баштан аяк жок кылынган. Бул күндө бийлик Кадыров тараптагылардын колунда.

Рогинский "ошол себептүү бийлик эми ал кландын колуна биротоло өтүүсү керек" дейт.

Би-Би-Си кабарчысына айткан жообунда Сайдуллаев:

- Шайлооком Москвадан ушундай жаса деген буйрук алган, алар куду мурунку жылдагыдай ошол буйрукту аткарышты, - деген.

Чынында эле анализчилер, алдыңкы ай, августтун 29у күнү Чеченстанда, быйыл 9–май күнү жумурият президенти Ахмад Кадыров жардыруудан курман болгондон кийин өткөрүлүп аткан шайлоодо Кремль колдоого алган Алхановга теңтайлаш келе турган талапкер болсо Сайдуллаев болот эле деп атышкан.

Муса Мураталиев, Москва


Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]