[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 27-июль 2004 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Саясат ] В.ПУТИН МЕНЕН И.КАРИМОВ ЖОЛУГУШТУ
26-июль күнү Ялтада орус президенти Владимир Путин менен Украина мамлекетинин башчысы Леонид Кучманын ортосунда сүйлөшүүлөр өттү. Ошол эле күнү Владимир Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен да жолугушуп, эки мамлекеттин карым-катышына тиешелүү маселелерди талкуулашкан. Орусия менен Өзбекстандын алакалары акыркы он жыл ичинде ырааттуу өнүккөн жок. Ортодогу таарынычтар жана кубанычтар тууралуу бүгүн саясий коомчулукта эмне кеп бар?


Маалымат агенттиктери Владимир Путин менен Ислам Каримовдун Ялтада өткөн жолугушуусу тууралуу өтө эле супсак кабар таркатып, «Путин менен Каримов эки мамлекет ортосундагы аскерий кызматташтык маселесин карашкандыгын» айтышты. Интерфакс билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө Өзбекстандын аскерий күчтөрүн курууга Орусия жардам көрсөтө тургандыгы жана Өзбекстандын тоолуу райондорунда биргелешкен аскерий машыгуулар өтөөрү айтылды.

Белгилүү болгондой, дүйшөмбү күнү АКШнын аскердик күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын башчысы Джон Абизайд Ташкенде болуп, Өзбекстандын Коргоо жана Тышкы иштер министрлери менен жолугушкан. Анда аскерий алкакта кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууга алынган. Бул окуя орусиялык айрым маалымат каражаттарында «Өзбекстандын аскерлери Иракка жөнөтүлүшү мүмкүн» деген өңдүү ойлордун жаралышына түрткү болду.

«Независимая газетанын» баяндамачысы Виктория Панфилованын оюнда, эларалык коомчулук өзбек жериндеги адам укуктарынын начар абалына байма-бай кайрылып турганы менен Вашингтон бул мамлекетке көрсөтүлүүчү каржылык жана аскерий-техникалык жардамынын көлөмүн кыскартпай тургандай. «Мунун өзү да жогоруда айтылгандарга бир далил боло алат. Анткен менен, Ташкен Москва менен да мамилесин жагымсыз көрүнүштөр менен булгап алгысы жок», - дейт журналист:

- Өзбекстан Иракка өзүнүн аскерлерин жөнөткөн күндө деле ырасмий Москва Ташкенге желкесин буруп калбайт. Анткени ушул тапта Өзбекстан менен Орусия ортосунда эки тарапка тең пайдалуу ири экономикалык долбоорлор ишке киргени турат. Москва Борбордук Азия чөлкөмүндө баалуу ресурстарга бай мамлекетти колдон чыгарууну каалабайт. Ал эми Өзбекстан, өз кезегинде, Москва ага сунуш кылып жаткан экономикалык кирешелерден баш тарта албайт. Анткени мамлекет өзү өндүргөн продукцияны таркатууда орчундуу кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Андыктан, менин оюмча, бул окуялар Өзбекстанга эч кандай деле проблема алып келбеши керек. Москва менен мамиле бузулбайт, ал эми АКШга өзүнүн аскерлерин, жок дегенде он кишини Иракка жиберүүгө сөз берсе деле Вашингтон буга ыраазы болот. Анткени эларалык коомчулук алдында бул анын абройн көтөрүп коймок, - деп эсептейт журналист Виктория Панфилова.

Негизи, Өзбекстан менен Орусия ортосундагы алакалар акыркы 10 жыл ичинде бир жактуу өнүккөн жок. Көп учурда ырасмий Ташкен Москвадан көз карандысыз экендигин далилдей турган кадамдарга барып, айрым учурларда Көз карандысыз Шериктештикке кирген мамлекеттердин регионалдык жыйындарын да көзгө илбеген учурлар болгон.

«Анткен менен мезгил өзгөрүп, Өзбекстан ири саясий өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Андыктан бул учурда ырасмий бийлик айрым саясий курмандыктарды деле унутта калтырбайт ко», деп ойлойт Орус Илимдер Академиясынын этнология жана антропология институтунун өкүлү Сергей Абашов.

- Азыр эми «ким кандай сөз берди?» деген өңдүү саясий оюн башталганы турат. Өзбек бийликтери ким көбүрөөк жардам берсе, ошого жан тартууга даяр, анткени өлкөдө чоң саясий өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө. Ошондуктан Өзбекстандын бул күндөрдөгү кадамдарын олуттуу кабыл албай эле койгон оң. 1-2 жылдан кийин гана Өзбекстандын чыныгы саясий мүнөзү жана каалоолору тууралуу сөз кылганга болот, - дейт Борбордук Азия боюнча орусиялык эксперт Сергей Абашов.

Төрөкул Дооров, Москва


Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]