[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Дүйшөмбү, 28-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Экономика ] Ч.ТУРСУНБЕКОВ: ОРУП-ЖЫЙУУ БАШТАЛГАНЫ МЕНЕН УН АЗ
“Азаттык” таңкы берүүлөрүндө “Акун” фимасынын президенти, Кыргызстан ишкерлер биримдигинин жетекчиси Чыныбай Турсунбеков буудай жана ундун баалары, нан жаатындагы абал тууралуу маектешкен.


- Чыныбай мырза, саламатсызбы? Өзүңүзгө белгилүү азыр Кыргызстанда буудай кызуу орулуп жатат. Бул деген аз да болсо буудайдын базарда көбөйүп калуусун шарттайт эмеспи. Айтсаңыз, буудай менен ундун баасында өзгөрүү барбы?

- Буудай арзандаса ун арзандамак, биок тилекке каршы баа өзгөрүлбөй эле 17-18 сомдун ортосунда сакталып турат. Бизде буудай орулуп жатканы менен ун чыгаргандарга буудай сунуш кылган дыйкандар өтө эле аз. Бүгүнкү күндө Казакстандан ар түрдүү жолдор менен Кыргызстанга ун киргизилип жатат. Бирок мен кечээ эле Казакстандан кайтып келдим, алардын өзүндө деле эски буудай калбаптыр, уну бир аз арзаныраак экен. Бирок сыртка унду экспорттоого жашыруун тыюу салынганы айтылып жатат. Ошондуктан, казактын тегирменчилери мурда чыгарып койгон ундарын Кыргызстанга сатып жатышканын мойнуна алып жатышат. Мына ушул ундар бүгүн бааны кармап турат. Анткени биздин өзүбүздө быйыл түшүм начар болуп калды, буга жазгы үшүк менен, кургакчылык себеп болбодубу, дыйкандар былтыркыга караганда түшүм быйыл 2-2,5 эсе аз болуп калгандыгын айтып жатышат.


- Быйылкы жылы кыргыз өкмөтү буудайдан 800 миң тоннага чукул түшүм алууну көздөгөн. Бирок айрым ун менен иштеген ишкерлер Кыргызстандын эгини буудай базарындагы бааларды өзгөртө албайт, деген жүйөөлөрүн айтып жүрүшөт. Быйылкы нан баасына болжол кандай болууда? Жок дегенде алдыңкы үч-төрт ай үчүн..?

- Бүгүнкү күндө Казакстандан келип жаткан ундун агымы токтоп калса, баалар өтө эле көтөрүлүп кетүүсү ыктымал. Менимче Казакстан өзүнүн ички базарын кармоо үчүн буудай орумга чейин ун менен данды сыртка сатууга чектөө киргизип жатат. Августтун жыйырмаларынан кийин Казакстандын буудайы орулуп баштайт. Ага чейин чектөө боло берет болуш керек.

- Казакстан буудайын күзгө чейин сыртка сатууга чектөө киргизген эле. Бул чектөө алынса баалар дагы арзандашы мүмкүнбү?

- Мен Казакстанда жүргөндө атайын буудай айдаган дыйкандар менен сүйлөштүм. Алар быйылкы жылы түшүм азыраак болуп жаткандыгын айтышты. Мындан тышкары оруп-жыюу боло турган август айында күн жаанчыл болбойбу деген тынчсыздануулары бар экен. Ун менен дандын баасы азыр Казакстанга караганда Орусия менен Украинадан көбүрөөк көз каранды болуп калды окшойт. Аларда түшүм жакшы болуп, казактын буудайын сатып албай калышса, Казакстан ун менен данын Кыргызстанга, Өзбекстан менен Тажикстанга сатууга аргасыз болот. Бул албетте дан менен нандын баасынын арзан болушуна өбөлгө түзөт.

- Чыныбай мырза, биздин угармандар үчүн куруп берген маегиңизге чоң рахмат! Саламатта калыңыз!

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]