[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 15-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Экономика ] ӨКМӨТТҮН ТЫШ КАРЫЗДЫ ЭЛ ЭСЕБИНЕН ЖАБУУ АРАКЕТИ ЖАНДАНДЫ
Мамлекеттин тышкы карызын жоюу үчүн ачылган Элдик эсепти көзөмөлдөөчү Байкоочу кеңештин жаңы мүчөлөрү дайындалды. Мындай жардыкка өкмөт башчы Игорь Чудинов 14-июлда кол койду. Жардыкка ылайык Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү эми бир айдын ичинде алгачкы отурумга чогулуп, өлкөнү тышкы карыздан кутултуу үчүн элден каражат топтоонун айла-амалдарын издешмекчи.


Былтыр май айында ошо кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен ачылган Элдик эсепте азыр үч жүз жарым миң сомдой гана акча бар. Кыргыз өкмөтү элдин күчү менен тыш береседен арылуу демилгесин ХИПК, башкача айтканда тышкы карызын төлөөгө кудурети жетпеген өлкөлөр үчүн программага кирүүдөн баш тарткандан кийин чыгарган.

Учурда Кыргызстандын сыртка бересеси эки миллиард долларга чамалайт. Карызды калк башына бөлө келгенде ар бир адамга беш жүз долларга чукул акча тиет. Тыш бересени элдин колдоосу менен жабуу аракеттери башталганы менен бул үчүн жабыла белсенип чыккандар азырынча байкалбайт.

Жаш саясатчы Жаркынбек Касымбеков учурунда ХИПК программасына кирүүгө каршы топтолуп нааразылык иш-чараларды өткөргөн жаштардын бири.

Касымбековдун айтымында ошол ХИПКке кирбөө үчүн нааразылык акциясын өткөргөн жаштардын өкмөткө берген сунуш-пикирлеринин бири дал ушул Элдик эсеп ачуу болгон. Жаштар азыр деле жигердүү аралашып тышкы береседен кутулуу үчүн биригип, каражат топтоо демилгеси менен чыга алышат. Бирок мамлекеттин бул демилгесине ишеним аз болуп турат:

- Кандай көзөмөлгө алынат, ал дагы коррупцияга аралашып кетпейби, бирөөнүн капчыгына айланып калбайбы, деген коркунуч бар. Чынында азыркы өкмөткө, бул иштин жүзөгө ашырылып, чоң пайда болооруна көп ишене бербейм. Эгерде ХИПК сыяктуу чоң балээ мамлекеттин, элдин башына түшсө эл, анын ичинде жаштар көтөрүлө турагынын түшүнбөдүкпү. Азыр карап, байкап туралы.

Айрым талдоочулар мындай эсеп ачаардан мурда карыздын таржымалын иликтеп, олчойгон тыш бересе эмне болупр топтолгон, акча каякка корогон, уурдалганы канча деген суроолорго жооп алып, өкмөт аны коомчулукка жарыялашы керектигин айтышат. Болбосо, бирөө уурдап-тоноп карызга батырган кырдаалды өз жанынан акча чыгарып жөндөгүсү келбегендер четтен табылат.

Антсе да кыргыз өкмөтү эл жардамы менен карыздан кутуулуудан үмүт үзө элек көрүнөт. Тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган Элдик эсепти башкаруу боюнча түзүлгөн Байкоочулар кеңеши бир айдын чукул убакта ушул маселе боюнча жыйын курган жатат:

- Байкоочулар Кеңешинин алдыдагы отурумунда Элдик эсепти башкаруу боюнча мындан аркы иш-чаралды уюштуруп өткөрүү маселелери талкууланат, дейт Каржы министрлигинин маалымат катчысы Аида Мамбеткулова.

Элдин эсебинен тыш карыздан кутуу амалдары буга чейин Түштүк Корея сыяктуу бир катар мамлекеттерде колдонулган. Береседен бөтөндүн колдоосу жок эле Кыргызстан эли биригип жабыла кутула алаары айтылып келгени менен Элдик эсепти толтуруу максаты ишке ашпай турат.

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]