[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жекшемби, 4-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Экономика ] АЗИЯ ӨНҮГҮҮ БАНКЫ: АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН АРЗАН МЕЗГИЛИ БҮТТҮ
Азия өнүгүү банкы тамак-аштын кымбатташынан запкы тарткан өлкөлөргө жардам берүү үчүн чукул жардам кору түзүлгөнүн жарыялады. Испаниянын баш калаасында өтүп жаткан жылдык жыйынында Азия өнүгүү банкы ошондой эле азык-түлүктүн кымбаттап жатышы Азияда экономикалык өсүшкө кедерги болушу мүмкүн экендигин эскертти.


Мадриддеги жыйындын алгачкы күнүндө сүйлөгөн сөзүндө Азия өнүгүү банкынын президенти Хару Хиро Курода кысталышта калган мамлекеттерге арзан карыз бериле тургандыгын маалымдады. 3-майдагы маалымат жыйынында Хару Хиро Курода бул жардам жарды атуулдарды азык-түлүк менен камсыздоого жумшалаарын кошумчалады.

Банктын президенти бул максатка канча каражат бөлүнүп жаткандыгын айтуудан баш тартты, бирок ал зор өлчөмдө эмес экендигин белгиледи.

Акыркы төрт айда күрүчтүн баасы үч эсе өскөндүгүн эскерткен Курода арзан азык-түлүктүн заманы бүткөн болушу мүмкүн экендигин айтып өттү. Ал чыгымдарынын басымдуу бөлүгү тамак-ашка туура келген өлкөлөрдө күрүч сыяктуу негизги азыктардын кымбатташына Азияда айрыкча жарды-жалчылар жапа тартып жаткандыгын мындайча баяндады:

-Жардылардын чыгымдарынын 75 пайызы кымбаттоодон жана инфляциядан дагы өсөт. Кедей-кембагалдарга бул кандай кесепет алып келээрин элестетүү кыйын эмес, - деди Азия өнүгүү банкынын жетекчиси.

Азиялык банктын маалыматында, Азияда 1 миллиард 700 миллион киши күнүгө 2 долларга жетпеген акчага күн көрөт. Банктын отчетунда айтылгандай, азык-түлүктүн кымбаттыгы инфляция өсөөрүн билдирет, бул өз кезегинде керектөөнүн, инвестициялардын жана аманаттардын азайышына түрткү болот. Быйыл Азия аймагында инфляция 5.1 пайызга жетет деп болжолдонууда. Бул акыркы он жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

Жаңыл Жусубжан, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]