[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 1-апрель 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Экономика ] АКШнын ФИНАНСЫ МИНИСТРИ КРИЗИСТЕН ЧЫГУУНУН ПЛАНЫН СУНУШ КЫЛДЫ
АКШ өкмөтү финансы базарын көзөмөлдөө боюнча 1930- жылдардагы Улуу депрессия мезгилинен бери болуп көрбөгөндөй ири реформанын планын сунуш кылды. Финансы министри Генри Полсондун 31-мартта билдиришинче, өлкөнүн финансы базарынын туруктуулугун бекемдөө үчүн биринчи кезекте АКШнын Борбордук банкынын вазийпасы дагы кеңейтилет. Ошондой эле ипотека жана кредит базарындагы көзөмөл да күчөтүлөт.


Дүйшөмбү күнү жарыяланган план боюнча, Федералдык резервдик системанын бийлиги олуттуу кеңейтилет. Натыйжада, ФРС бүтүндөй финансы базарындагы туруктуулук үчүн жооп берип калат, банктардын жана баалуу кагаздар менен соода кылган компаниялардын ишмердүүлүгүн казып текшергенге мүмкүндүк алат.

Кошмо Штаттардын Федералдык резервдик системасы Борбордук банктын милдетин аткарган мекеме. Финансы министри Генри Полсон реформанын зарылдыгын финансы институттарынын заман талабынан артта калганы менен түшүндүрдү:

-Эгер жеке менчик сектордун финансылык институттары өзгөрбөсө, алар эскирет. Финансы рыногун жөндөөчү структураларыбызды да өзгөртүү жана өнүктүрүү керек. Бул мезгил талабы. Биз азыр финансы базарынын кыйынчылыктарын баштан кечирип жаткандыктан, структураларды модернизациялоо жана реформалоо боюнча өтө олуттуу ишти баштообуз абзел. Бул чоң талкууну талап кылган бир нече жылда бүтчү иш.

Полсондун сөзүнчө, реформанын жүрүшүндө финансы базарын тескеп турчу беш мекеме ирилештирилип, алардын ордуна бир федералдык орган түзүлөт. Ал эми азыркы финансылык кризистин себепчиси болгон ипотека тармагын болочокто атайын комиссия көзөмөлдөп калат.

Жаңы планды демократтар үстөмдүк кылган Конгресс бекиткенден кийин гана АКШнын финансы секторундагы реформа башталат.

Серепчилердин айтымында, баалуу кагаздар базарын көзөмөлдөөнү жана камсыздандыруу ишин бир колго топтоо ипотека берүүнү көзөмөлдөөнү жакшыртат. Бул инвесторлордун АКШнын финансы базарына болгон ишенимди күчөтүп, финансы тармагындагы кризисти жайлатыш керек.

Өкүлдөр палатасынын финансы комитетинин төрагасы Бэрни Фрэнк Генри Полсондун планын өлкөнүн финансы системасын турукташтыруу жолундагы алгылыктуу кадам деп атады.

Көпчүлүк демократтар болсо Акүй миллиондогон америкалыктарды үйсүз калтырчу ипотека кризисине каршы күрөшкөндүн ордуна жаңы президент келгенде ишке ашырылчу планды сунуш кылды дешет.

Амирбек Усманов, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]