[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 11-март 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Экономика ] ЭЛАРАЛЫК ВАЛЮТА КОРУ ТАЖИКСТАНДЫН “АЙЫБЫН АЧТЫ”
Эларалык валюта кору Тажикстандан 47 миллион доллар кредитти мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылды. Эларалык уюмдун мындай катаал чарага баруусуна Тажикстандын валюта корун көбөйтүп көрсөтүүсү негиз болду. Ырасмий Дүйшөмбү күнөөсүн мойнуна алып, борчту мөөнөтүнөн эрте кайтарып бергенге ынанды.


Эларалык валюта корунун билдиришинче, Тажикстан карыз сурап жатканда, өлкөнүн финансылык абалын жашырып, «туура эмес» маалымат берген. Тагыраак айтканда, кредитти алуу жеңил болот деген ишенимде - Улуттук банктын валюта корун 115 миллион доллардын ордуна 450 миллион доллар деп көрсөткөн.

Эларалык валюта кору Тажикстан катаал кышты баштан кечирип жатканын эске алуу менен 47 миллион долларды 2008-жылдын сентябрынан тартып, жарым жылдын ичинде беш бөлүп кайтарсын деген чечим кабыл алды. Кордун директорлор кеңешине мындай чарага баруу жеңил болгон жок, дейт уюмдун өкүлү Масуд Ахмед:

- Кеңеш үчүн Тажикстан боюнча чечим кабыл алуу өтө кыйын болду. Бир жагынан, тажик бийликтери маанилүү экономикалык көрсөткүчтү натуура маалымдаган. Ошол эле учурда Кеңеш өлкөнүн алдындагы оор экономикалык жагдайга өтө сезимталдык менен карады.

Суук кыштан соңку жазгы суу ташкындар Тажикстанга 1 миллиард доллардан аз эмес чыгым алып келет деп болжолдонууда.

Тажик тарап Улуттук банкты бейтарап аудиторлордун текшерүүсүнө жана карызды жаңы шартта төлөөгө шыр эле көндү:

-Тажикстандын борбордук банкы Эларалык валюта корунун директорлор кеңеши кабыл алган чечимди толук аткара алат,- деп билдирди банктын өкүлү Абдулгафар Курбанов.

Тажикстандын тышкы карызы азыр 1,2 миллиард доллар. Андыктан, мерчемделген алты айда 47 миллион доллар кайтарылабы, аны мезгил көрсөтөт.

Тажик бийликтеринин «көз боемочулугу» эларалык уюмдардын өлкөгө болгон ишенимин азайтат, деп кооптонот дүйшөмбүлүк серепчи Абдулгани Мухаммадазимов:

-Эларалык мамиледе калп айтты деп күнөөлөө өтө осол иш. Эки жак арасында ишеним жоголсо, Эларалык валюта кору Тажикстанга болгон мамилесини өзгөртөт. Тажикстан эларалык коомчулуктун кара тизмесине түшкөндөн кийин, өлкөгө саясый, социалдык жана финансылык жактан кедерги болот.

Эларалык валюта корунун билдиришинче, Тажикстан 2002-жылы да Жардылыкты кыскартуу жана өнүгүүгө көмөктөшүү программасынын аткарылышы боюнча уюмга «натуура маалымат» берген.

Амирбек Усманов, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]