[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 18-март 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Экономика ] АКШ ЭКОНОМИКАСЫ ТӨМӨНДӨП, ДОЛЛАР АРЗАНДАДЫ
АКШ экономикасы бир нече айдан бери төмөндөөнүн үстүндө. Дүйшөмбүдө Американын каржы министри Хенри Полсон экономикалык көрсөткүчтөр кескин төмөндөй түшкөнүн моюнга алып, бирок өлкөнүн өнөр жай өндүрүшү өнүкпөй, токтоп калганын айгинелеген “рецессия” деген көрүнүштү оозанган жок. Вашингтондун өкүлдөрү бир катар чечкиндүү чаралар экономиканы тез эле өйдөлөтөт деген пикирлерин кайталоодо.


Америкадагы финансы-кредиттик кризис эмнеден башталды? Ипотека аркылуу үй сатып алган далай америкалыктарга банктар алардын финансылык ал-акыбалын жакшылап текшербей туруп насыя бере бергендиктен алар кийин карызын төлөй албай калышты. Андан улам келип чыккан кредиттик кризис адегенде АКШнын банк системасына бүлгүн салды. Американын улуттук акчасы – доллардын алмашуу курсу кескин төмөндөп кетти. Жорж Буштун өкмөтү экономиканы колдоо максатында банктарга берилчү насыянын үстөк пайызын төмөндөтүп, салыктарды жеңилдетти. Бирок көпчүлүк эксперттер АКШ экономикасы жакын арада оңололуп кетээрине ишене беришпейт.

Андайлардын бири, Жорж Вашингтон универистетинин профессору Роберт Данндын айтымында, азыр кырдаал канчалык кооптуу экенин эч ким так билбейт, ошондуктан экономикадагы төмөндөөгө каршы Американын Каржы министрлиги менен Борбордук банкы көргөн чаралар тийиштүү натыйжа бере алган жок.

- Биз азыр банктардын активинин баасы канча экенин билбейбиз. Анык жоопту эч ким айта албайт. Атүгүл банктардын өзүлөрү да берилген насыялардын кайтарымы кепилдүүбү, деги активде канча акчасы бар экенин так билбейт.

Роберт Данн өткөн аптада АКШдагы ири инвестициялык банктардын бири - Bear Stearns банкротко учурап, ал кийин арзанга сатылганы – экономикалык кырдаал канчалык олуттуу экенин каңкуулаган кабар деп белгилейт.

Шейшембиде Американын Борбордук банкы, же Федералдык резерви атайын жыйынында банктарга берилчү насыянын үстөк пайызын дагы төмөндөтөөрү күтүлүүдө. Бул күнү Лондон, Токио, Париждеги биржаларда фондулук көрсөткүчтөр бир аз көтөрүлдү. Америкалык алдыңкы эки инвестициялык банктын соңку көрсөткүчтөрү көпчүлүк күткөндөн кыйла дурус чыкканы - Европа менен Азиядагы фондулук биржаларда ушундай жандануу пайда кылды. АКШнын өзүндө да биржалык көрсөткүчтөр бир аз өйдөлөдү. Мындай оптимисттик маанай канчага созулат жана ал реалдуу экономикалык көрсөткүчтөр менен бекемделген-бекемделбегени азырынча беймаалым.

Венера Сагындык кызы


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]