[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шаршемби, 13-февраль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Экономика ] К.ИСАБЕКОВ: КУМТӨР КЕЛИШИМИ ЭЛДИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНА КАРШЫ КЕЛЕТ
Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары Кубанычбек Исабеков Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн келишимди ратификациялоого каршылыгын билдирди. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна К. Исабеков өзү жооп берди.


-Алгач бул келишимдерди ратификациялоого эмне үчүн каршы болуп жатканыңызды түшүндүрүп берсеңиз?

-Мен Кумтөр жайгашкан Жетиөгүз районунун Жаргылчак айылында төрөлүп өскөм. Бир топ жылдан бери мен булардын аркасынан көп материалдарды карап, окуп жүрөм. Булар менен мурун сегиз жолу соттошком. Жер салыгы боюнча булар 65 млн. төлөгөн. Андан сырткары бийик тоолуу коэффициент боюнча соттордун чечимдери менен 6 млн. доллар төлөгөн, анын ичинде социалдык төлөмдөр. Бул бир жылдагы төлөмдөрдүн эсептери.

Жакында өткөн жылы мамлекеттик комиссия түзүлгөн, өткөн парламентте алтын боюнча да комиссия түзүлгөн. Мен мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болчумун. Мурунку Танаев кол коюп кеткен 2003-2004-жылкы келишимдер менен биз 67 пайыздан 33 пайызга түшүп калганбыз, бирөөлөрдүн кызыкчылыгы менен 33 пайыздын 18 пайызы арзан баа менен сатылып кеткен. Бул мамлекеттик комиссия менен ошол убактагы премьер-министр Атамбаев түзгөн эксперттик топ иштеген, анын ичинде депутаттар да бар эле.

Мен Атамбаевдин келишимин айласыздан колдойун дегем, айтып аткан “мейли, канчалык болсо дагы жок дегенде 15 пайыз бизге кошулат экен, алтындын баасы өсүп атат, бул жакшылык алып келет го” деп. Ошол эле маалда мурдагы күнү өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү менен сүйлөшүп, биздин комитетте да бул иштер карап атканда кээ бир суроолорума бир-эки өкмөттүн өкүлдөрү айтканы шектендирди дагы, мен кошумча иретте Жогорку Кеңеште документтерди издей баштадым.

Биздин мурунку мыйзам чыгаруу палатасынын эки токтому бар экен, 2003-жылы 20-июнда №12 32 чыккан токтом. Бул жерде ачык эле жазылыптыр “өкмөт Кумтөр боюнча ар кандай келишимге кол койсо дагы, Жогорку Кеңештин уруксаты керек” деп. Бул жерде Танаев мырза муну көзүнө илген эмес. Андан кийинки 2004-жылы 25-июнда №16 94 токтому чыгат. Бул жерде дагы бир жолу жазып атышат, “Танаев баштаган өкмөт элдин кызыкчылыгына каршы келишим түздү” деп.

-Кубанычбек мырза, бирок жайында мурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев кайрадан келишим түзгөндө Кыргызстандын акциясы 31 пайызга көбөйбөдү беле. Бул келишимди ратификациялоого сиз эмнеге каршы болуп жатасыз? Менин билишимче президент дагы азыркы парламенттен ушул келишимди тезирээк ратификациялап берүүнү өтүнүп атты эле?

-Мен мыйзам жагына каршы чыгып атам. Танаевдин убагындагы келишим эгерде иштебей калган болсо, биз генералдык келишим боюнча 67 пайызга ээ болчубуз. Өткөн 2007-жылы 10-майда бул фабрика толугу менен Кыргызстандын башкармачылыгына өтмөк. Азыр биз Танаевдин эки келишимин жокко чыгарсак, бул фабрика Кыргызстандыкы болот. Болбосо, жок эле дегенде 67 пайызга биз кайра ээ болгону турабыз да.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]