[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Бейшемби, 17-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] РЕКВИЕМ-ТАСМА: “АЙТМАТОВ МЕНЕН КОШТОШУУ”
Бүгүн Кыргызстандын кинотеатрларында, Улуттук телеканалда жана 5-каналда Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу тартылган 40 мүнөттүк реквием-тасманын бетачары көрсөтүлөт.


“Айтматов менен коштошуу” реквием-тасмасынын сценарийин акын Алтынай Темирова жазды. Реквием-тасма Алтынай Темированын төмөнкүдөй ыр саптары менен ачылат:

Жүрөт дайым жанымда,
Дүнүйөнүн кары көзү,
Жаш көрүнгөн дайыма...
Биз жашайбыз мифке айланта
өзүбүздү өзүбүз,
Биз жашайбыз өткөндөргө,
Терең сала көзүбүз,
Биз жашайбыз түбөлүктүү,
Жомокторго ишенип,
А бул биздин унутулбас өзүбүз...

Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы “Айтматов менен коштошуу” аттуу 40 мүнөттүк реквием-тасманы тартып бүттү. Тасмада Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өткөн Германиянын Нюрнберг шаарынан тарта самолеттун бортундагы ирмемдер, Айтматовдун сөөгүнүн Алатоого алынып келиниши, элдин улуу жазуучу менен коштошуусу камтылган.

Бир канча сааттарга созулган мына ушул киноматериалдарды Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Ракыя Шершенова монтаждады, сценарийин акын Алтынай Темирова жазып, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакыт Карагулов тасмага режиссерлук этти.

“Айтматов менен коштошуу” тасмасы Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөндүгүнүн 40 күндүгүнө карата көрсөтүлүп жатат. Тасманы экранга кабыл алган жазуучу, Кыргызмамкиноконцерндин вице-президенти Абибилла Пазылов Айтматовду эскерүүгө арналган иш-чараларга жана аталган кинотасмага токтолду:

- Кыргыз Улуттук киноконцерни тасманын тартылышына эки жүз миң сом бөлдү. Себеби тасманы Чыңгыз Айтматовдун кыркына көрсөтүү максатыбыз болду. Тасма көрсөтүүгө даяр. Алдыда мусулман каада-салты боюнча Чыңгыз Айтматовдун элүү эки күндүгү да белгиленмекчи. Биз бул иш-чараны жазуучунун киндик каны тамган Шекер айлында өткөрөлү деп жатабыз.

“Айтматов менен коштошуу” тасмасынын сценарийинин автору Алтынай Тамировадан сценарийдин жазылыш толгонуулары тууралуу сураганыбызда, бул оор жоготуунун сценарийи жеңил жазылганын айтып ой бөлүштү:

- Чыңгыз Айтматов менен чөйрөбүз бир эмеспи. Жазуучунун чыгармаларын жашыбыздан суктанып окудук. Ал киши тууралуу айтар кеп деле белен дегендей... Бмрок албетте бул оор жоготуу баарыбызга оор тийди... Сценарийдин чукул жазылышына элдин кайгысы да таасир этти .

“Айтматов менен коштошуу” тасмасына Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалардан үзүндүлөр, негизинен Айтматовдун чыгармаларынын каармандарынын монологдору кирди.

Фатима Абдалова, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]