[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Ишемби, 12-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] Т.КАСЫМБЕКОВДУН “СЫНГАН КЫЛЫЧЫ” ТҮРКИЯНЫ БАГЫНДЫРУУДА
Кыргыз Эл жазуучусу, кыргыз республикасынын Баатыры Төлөгөн Касымбеков жубайы менен “Түрксой” эл аралык уюмунун чакыруусунда Түркияда чыгармачылык сапарда болду. Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы учурда түрк тилине үчүнчү ирет которулуп жатат. Жазуучу бул сапарында ЕвроАзия жазуучулар биримдигине мүчө болуп кабыл алынды. Төлөгөн Касымбеков Түркиядан кайтып келип, журналисттерге жыйын өткөрдү.


Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы дүйнөнүн 60 тан ашык тилине которулган. Жазуучунун айтымында Төлөгөн Касымбековдун ЕвроАзия жазуучулар биримдигине кыргыз жазуучуларынан Чыңгыз Айтматовдон кийин мүчө болуп кабыл алынып жатышы - өзгөчө мына ушул “Сынган кылыч” романынын окумдуулугунда жана популярдуулугунда болду:

- Ооба, мен ЕвроАзия жазуучулар биримдигине Чыңгыз Айтматовдон кийинки кыргыз жазуучусу болуп кабыл алындым. Түрктөрдө менин “Сынган кылыч” романым эки ирет басылып чыгып, учурда үчүнчү жолу басылып жатыптыр.


Ал эми Төлөгөн Касымбеков менен Түркияга чогуу барган жубайы Элмира Иманалиева буларды кошумчалады:

- “Сынган кылычты” түрк тилине Саабидин Көш аттуу жигит которуптур. Чынында романдын түрк окурмандарынын катмарына терең сиңип кеткенин барганда көрдүп, күбө болдук.

Учурда кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун Бишкектеги “Бийиктик” басмасынан бардык чыгармаларынын 8 томдугу жана “Өткөн өмүр, көргөн күн” аттуу жаңы мемуар-романы басылып жатат.

Жазуучу-публицист, мамлекеттик Китеп палатасынын директорунун орунбасары Кален Сыдыкова Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы тууралу пикирин билдирди. Биринчиден Кален Сыдыкованын пикиринде аталган романда тарыхый окуялар жогорку чеберчиликте көркөмдөлүп гана берилбей, тарыхый фактылар терең изилдөөгө алынган. Ошондой эле күңүрт болуп, ачылбай калган образ жок:

- “Сынган кылыч” - катаал реалисттик чыгарма катары, кыргыз элинин тарыхын тарыхый фактылар аркылуу чагылдырган чыгарма. Ошондой эле жазуучу чыгармадагы ар бир каармандын образын өтө чеберчиликте, окурмандын жандүйнөсүнө жеткидей бийиктикте жарата алган.

Экинчиден, жазуучу Кален Сыдыкованын айтымында, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы кыргыз тарыхынын бир өңүтүн ачып бергени менен баалуу жана “Сынган кылыч” романы да Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындай эле жалпы адамзатка кызмат кылчу эмгек:

- Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылыч” эле эмес “Келкел” романы, дагы башка чыгармалары менен да залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов өңдүү эле жалпы адамзатка кызмат кылчу чыгармаларды жаратты.

Фатима Абдалова, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]