[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жекшемби, 27-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ



24-июлда Улуттук опера жана балет театрында коомчулук кыргыз эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Асанкан Жумакматовду акыркы сапарга узатты. Ага өкмөт мүчөлөрү, коомчулуктун өкүлдөрү катышып, маркумду эскеришти. Кыргыз Республикасынын премьер министри Игорь Чудинов өз сөзүндө кыргыз пофессионал музыкасы
Асанкан Жумакматовдун ысмы менен терең байланыштуу экенин баса белгиледи. Маркумдун сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюлду.

Кыргыз ырчысы Нена Беларусь жергесинде өткөн жаш аткаруучулардын эл аралык “Славян базары” сынагына катышып келди. Ырчынын продюсеринин айтуусунда фестивалга катышкан 24 өлкөнүн ырчыларынын ичинен финалга 15 аткаруучу гана өткөн. Ал эми кыргыз ырчысы Нена жарым финалга чыгып, Ашыраалы Айталиевдин “Нарындан жазган салам кат” аттуу чыгармасын аткарган. Эми ырчы август айында Крымда өтүүчү “Чыгыш базары” сынагына катышууну көздөөдө.

Белгилүү грек ырчысы Нана Мускури Ирода Аттика театрында коштошуу концертин берди. Анын сахнада өмүрүнө 50 жыл толуп, бул убакыт аралыгында 1 жарым миң ыр жаратып, 300 млн диск чыгарган.

24-июлда 10-Шукшин кинофестивалы ачылды. Жазуучу Василий Шукшиндин жаркын элесине арналган бул иш-чаранын алгачкы күнүндө кинокүйөрмандарга режиссер Александр Прошкиндин “Жаша жана эсте” аттуу тасмасы тартууланды.

Бейшембиде Орусиянын сүрөт академиясында Өзбекстандын эл сүрөтчүсү Леким Ибрагимовдун “Азияны багындыруу” аттуу көргөзмөсү ачылды. Бул иш-чара кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналды.

Белгилүү италиялык жазуучу Алессандро Барикконун чыгармасына тартылган “Сабак 21” аттуу тасмасы эл аралык “Локарно” кинофестивалында көрсөтүлөт. Эске салсак Алессандро Барикко белгилүү “Жибек” жана “Шаар” романдарынан автору.

19-сентябрдан тарта 25-сентябрга чейин Саратовдо жаштардын эл аралык “Дельфий оюндары” өтөт. Ага 40өлкөдөн миңден ашык таланттардын катышаары күтүлүүдө.

Айжан Шаботоева, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]