[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Бейшемби, 3-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] Ш.АБДРАХМАНОВ: ОЙ ЖЕТКЕН МЕНЕН КОЛ ЖЕТПЕЙ АТАТ
“Айтыш” республикалык коомдук фонду кыргыз телекөрсөтүүсү менен бирдикте залкар акындардын айтыштарын алып чыгат жана залкарлардын дисктерин чыгарат. Ошондой эле Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата кыргыз-казак төкмөлөрүнүн айтышы өтөт. “Керемет үкөктүн” бүгүнкү мейманы “Айтыш” коомдук фондунун тең төрагасы Шайырбек Абдрахманов. Маекти кабарчыбыз Фатима Абдалова уюштурду.


- Шайырбек мырза, “Айтыш” коомдук фондуна жаңыдан тең төрага болуп келдиңиз. Алдыга кандай иш-пландарды коюп жатасыздар?

- Жакын арада КТРден Токтогул, Алымкул, Токтосун, Эстебес өңдүү залкарлардын айтыштарын азыркы жаш төкмөлөрдүн аткаруусунда алып чыгабыз. Ошону менен катар ошол эле залкарлардын дисктерин элге алып чыгабыз. Ал эми Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз-казак төкмөлөрүнүн айтышы өтмөкчү. Мында балким президенттин кубогу өтөт. Биз бул маселе боюнча тиешелүү сунуштарды даярдап жатабыз.

- Шайырбек мырза, аймактардан жаш төкмөлөрдү даректөөнү уюштуруп жатасыздарбы?

- Туура, сиз абдан олуттуу маселени айтып жатасыз. Биз жаш таланттарды айылдардан издеп табууда каражаттан улам “ой жеткен менен, кол жетпейт” болуп келатабыз. Айылдарга барып келүү үчүн колунда бар патриот инсандарды издеп келатабыз.

- Анткен менен, жаш таланттар сиздерге өздөрү деле келишсе керек?

- Ооба, азыркы жаш төкмөлөрүбүз негизинен баары эле өздөрү келишкен биздин “Айтыш” фондуна. Бизде ар он күндүктө ич ара айтыштар өтүп турат эмеспи. Ошол айтыштарга Бишкектин таланттуу мектеп окуучулары келип турушат.

- Шайырбек мырза, сиз кандай ойлойсуз, эмне үчүн кыргыз кыздарынан төкмө акындар чыкпай жатат?

- Бул суроонун тегерегинде мен да көп ойлоном. Бирок жооп табалбайм... Мисалы казактарда кыздардан чыккан ширин сөз төкмө кыздар арбын. Чын эле бизден эмне үчүн чыкпай жатат... Ойлонушубуз керек.

Маектешкен Фатима Абдалова


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]