[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Дүйшөмбү, 7-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] КЫСКА МЕТРАЖДУУ ФИЛЬМ - “ИЛГЕРИ ҮМҮТ”
Жазуучу Нарынбек Күрөңбаев менен режиссер Шаршебек Шейшеновдун “Илгери үмүт” кыска метраждуу фильминин бетачары келаткан аптада кыргыз Улуттук телекөрсөтүүсүнөн чыкмакчы.


“Илгери үмүт” кыска метраждуу кинотасмасында ролдорду артисттер Темирлан Сманбеков, Шайыр Касмалиева, Эген Чалабаев жана Элмира Тагаевалар ойношуп, музыкасын белгилүү музыка таануучу Эльвира Каркоцкая жасалгалаган. Фильмдин сценарийи жазуучу Нарынбек Күрөңбаев тарабынан жазылып, тасма режиссер, “Учур” жаштар театрынын директору Шаршебек Шейшенов тарабынан тасмага алынды. “Илгери үмүт”кыска метраждуу тасмасы бүгүнкү күндүн окуяларынан алынгандыгы менен, учурдун проблемаларын көтөргөндүгү менен көрөрманга кызыктуу деген пикирде аталган тасманын режиссеру Шаршебек Шейшенов:

- Баары кымбаттап кеткен бүгүнкү күндө бир үйбүлө кредит алып, аны төлөй албай үйүн сатат... Келинчеги пул тапканы Орусияга кетип-келип турган чакта боюнда бар экени билинет...Күйөөсү “бала меники эмес деп” бүтүм чыгарып, үйбүлөсүн таштап кетет.


Ошентип фильмдеги чиеленишкен окуялар кульминациялык чекитке жетип, жашоодогу жакшы адамдардын бийик адамкерчилиги – чиеленген карама-каршылыктарда турган адамдарга да, жагдайларга да илгери үмүт тартуулайт:

- Фильмдеги окуя кыргыздын бүгүнкү турмушунан алынып отурат. Келин жогорудагыдай жагдайда төрөгөн баласын бир жакшы үйбүлөнүн эшигине жашыруун таштап кетет... Беш жылдан кийин баласын издеп келген келинди тигил үйбүлө туура кабыл алып, эки үйбүлө тең балага ата-эне болуп калат.

Андан ары “Учур” жаштар театрынын директору Шаршебек Шейшенов өзү жетектеген жаштар театрынын алдыдагы иш-чараларына токтолду. Шаршебек мырзанын айтымында “Учур” театры эрте жазда сахнага алып чыккан режиссер Султан Раевдин “Меккеге карай узак жол” пьсасы менен Казакстанга жана Египетке чакыруу алды:


- Ошентип алдыда драматург Султан Раевдин “Меккеге кеткен узак жол” пьсасы менен Казакстанга жана Египетке чакыруу алып турабыз. Ошондой эле биз кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 50 жылдыгына карата жаңы сериалдарды тартуу үчүн демөөчүлөрдү издеп турган чагыбыз.

Фатима Абдалова, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]