[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жума, 11-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] Н.ЭГЕН: АЛГАЧ “КУРМАНЖАН ДАТКА” ТАРТЫЛАТ
Жакынкы жылдарда кыргыз элинин тарыхын чагылдырган үч ири кино долбоору ишке ашканы жатат. Алардын жумушчу аталыштары азырынча “Сынган кылыч”, “Курманжан датка”, “Курманбек баатыр” деп аталууда. Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекет тараптан колдоо көрсөтүүлөрү өлкө президенти Курманбек Бакиев менен кинорежиссер Нурбек Эгендин эки күн мурдагы жолугушуусунда белгилүү болду. Кинорежиссер Нурбек Эген ушул тасмалар туурасында “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.


- Алгач ушул долбоорлор тууралуу айтып берсеңиз. Мындай тарыхый фильмдерди тартуу идеясы кандайча пайда болду?

- Бул идея жылдын башында президент тарабынан көтөрүлүп, бул маселе жөнүндө башка өлкөлөрдө кандай тартылган кинолор бар, алардын кандай жетишкендиктери бар, элдер кандай көрүштү, ошолордун баарын иликтеп, андан кийин сүйлөшөлү деп маданият министрлигине тапшырылган. Анан бул жолу Бишкекке келгенде мен дагы өзүмдүн оюмду айтып, өз пикиримди билдирдим. Менин оюмча улуттук деңгээлдеги, элдин патриоттуулугун, духун көтөрчү фильмдер, согуш убагында тартылган кинонун күчү аябай кубаттуу. Ошондуктан биздин бийлик тарабынан, кино - элдерге өбөлгө боло турган, ой, дух бере турган жакшы пикир деп, демилге кылышкан.

- Бул фильмдерди тартуу иштери качан башталганы жатат?

- Биздин сүйлөшүүбүз боюнча сентябрь айынан баштап биринчи киного сценарий жазылып башталат. Кийинки жылы ошол фильмдердин бири тартылып башталышы керек. Азырынча “Курманжан Датка” жөнүндө фильм тартылып башталат.

- Каражат маселеси чечилдиби, мамлекет тараптан кандай колдоо көрсөтүлө турган болду?

- Каражат маселеси 70 пайызын Кыргызстандан, 30 пайызын чет өлкөлөрдөн топтоп келиш керек деген маселе турат.

- Сиздин “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмаңыз тууралуу да сөз кыла кетсеңиз. Бул тасманы тартуу иштери ушул жайда башталары айтылган эле буга чейин. Ошону тартуу иштери азыр башталдыбы?

- Буюрса он күн калды. Аябай катуу даярданып атабыз. Андай оор күндөрдүн бири – азыр экспедицияга даярданып атабыз. Буюрса 20-июлдардан көлдөн тартып баштайбыз.

- Ошондо канча убакыт талап кылынат ошол тасманы тартууга?

- Бир жарым ай.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]