[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 15-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] ЖАШ СҮРӨТКЕРЛЕРДИН “АЙТМАТОВ” АТТУУ КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛАТ
Бүгүн саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде жаш сүрөткерлердин “Айтматов” көргөзмөсү ачылат. Көргөзмөгө мыкты деп табылган 40 эмгек коюлду жана көргөзмөнүн ачылышына Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Урматова, уулу Элдар катышмакчы.


Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесинин урматына уюштурулуп жаткан көргөзмө-сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан жаш таланттар эмгектерин жөнөтүшүп, бүгүн мамлекеттик музейде саат 3тө ачылып жаткан көргөзмөгө 40ка жакын жаш сүрөтчүнүн 100дөн ашык эмгеги коюлуп жатат.

Көргөзмөгө коюлуп жаткан эмгектер тууралуу кыргыз Эл сүрөтчүсү, мамлекеттик музейдин директору Юристанбек Шыгаев мындай оюн айтты:

- Көргөзмөгө жаш таланттарыбыздын Айтматовдун өзүнүн элесин түшүргөн жана Айтматовдун чыгармаларынын каармандарын, чыгармалардагы окуяларды чагылдырган эмгектери коюлуп жатат. Көргөзмөгө эмгектери коюлуп жаткандардын көпчүлүгү – Сүрөтчүлөр союзунун алдындагы жаш сүрөтчүлөр экен. Улуу сүрөткердин урматына ачылып жаткан көргөзмө - чынында чоң майрам. Көргөзмөгө Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Урматова жана уулу Элдар катышмакчы. Элдар да сүрөтчүлүк кесипти аркалап жүрөт. Ал Бельгиядагы Сүрөтчүлүк окуу жайын аяктаган.

Айтматовго арналган сүрөт эмгектердин көргөзмөсү республикалык Жаштар иштери боюнча Департаменттин демилгеси менен өтүп жатат. Жаштар иштери боюнча Департаменттин уюштуруучусу Бермет Кеңешова көргөзмөгө келип түшкөн эмгектерге токтолду:

- Сынакка Кыргызстандын аймактарынан 14 жаштан 25 жашка чейинки жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери келип түштү. Айтматовдун чыгармаларына байланышкан абдан кызыктуу, ойлондурарлык, ар кандай жанрдагы сүрөттөр. Көрөрмандарыбызга да кызыктуу болот го деген ойдомун.

Ушул күндөрдө коңшулаш өлкөлөрдө да өтүп жаткан Чыңгыз Айтматов темасындагы көргөзмө-Сынак алдыда дагы уланып, сынак КМШ мамлекеттеринин жаш сүрөтчүлөрүн да камтып, сынактын финалдык жыйынтыгы октябрь айында КМШ мамлекеттеринин саммитинде чыкмакчы.

Республикалык жаштар иштери боюнча Департаменттин директору Айдар Жоробеков сыйлыктар жана жалпы эле Көргөзмөгө келип түшкөн эмгектер туурасында буларды айтты:

- Сынакка келип түшкөн эмгектер боюнча атайын калыстар тобу түзүлгөн. Бүгүнкү көргөзмө-сынактан өткөндөр күздө өтчү КМШ мамлекеттеринин жаш сүрөткерлери катышкан сынакка катышат. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Фатима Абдалова, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]