[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Бейшемби, 10-апрель 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] БАТКЕНДЕ АЙГҮЛ ГҮЛҮНӨ АРНАЛГАН ФЕСТИВАЛЬ ӨТӨТ
Баткен облусундагы Айгүл тоо деген жерде дүйнөнүн эки-үч жеринде гана өсүүчү сейрек кездешкен Айгүл деген ажайып гүл өсөөрү белгилүү. Айгүл дал ушул апрель айында гүл ачат. Бир кезде бул гүлдүн таптакыр жоголуп кетүү коркунучу туулуп, аны жергиликтүү мектептин мугалимдери өз демилгеси менен коргоого алган болчу. Бул гүлдүн бүгүнкү абалы тууралуу “Азаттык” үналгысына белгилүү обончу, Баткен облустук музыкалык драма театрынын жетекчиси Апас Жайнаков маек куруп берди.


-Апас мырза, Баткенде Айгүл гүлдөп калса керек...

-Азыркы мезгилде Айгүл гүлдөдү. Бардыгы эмес, бирок чекесинен гүлдөй баштады.

-Ушул гүлдүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берсеңиз.

-Бул гүлдүн өзгөчөлүгү тууралуу өзүңөр билесиңер: дүйнөдө сейрек гана кездешкен гүлдөрдүн бири. Өтө назик, сулуу, көпкө турбайт, ысыкты көп каалабайт. Канчалык салкын болсо, ошончолук жакшы гүлдөп турат.

-Айгүлдү жылдагыдай эле жергиликтүү мектептин окуучулары быйыл дагы коргоого алса керек. Дегеле ушул гүлдү сактап калуу максатында Баткенде кандай иштер жасалууда?

-Былтыркы жылы биздин чек ара кызматкерлери, милиция чыгып, бул гүлдүн жок болуп кетпеши үчүн корукка алып, жардамдашты. Мен ойлойм быйылкы жылы дагы ушундай болот. Бардыгыбыз ошол гүлдү, тоону корукка алып, сактайбыз.

-Маегибизди маданий темалар менен улантсак. Баткенде жыл сайын ушул кезде республикалык иш-чаралар өтчү эле. Ушундай иш-чара быйыл дагы өтөбү?

-Быйыл дагы пландаштырылып жатат, 20-апрелге белгиленди. Бул гүлгө байланыштуу фестиваль болот. Ошого азыр Айгүл тоонун өзүндө эмес, андан алысыраак жерде өткөрөйүн деп чечтик. Себеби ал жакта өткөргөндө эл тебелеп салышы мүмкүн.

-Кандай иш-чаралар өтөт?

-Быйыл өзүбүздүн чыгармачыл балдар жана театр жамааты болот. Айгүл кызы тууралуу дастан бар. Ошол дастанды театралдаштырабыз. Андан сырткары пьеса менен иштеген жатабыз.

-Баткен облустук музыкалык драма театрынын уюшулганына бир аз гана убакыт болду. Буга чейин канча оюн койдуңуздар, дегеле театрдын абалы кандай?

-Азыр театрдын абалы жакшы десем болот. Кудай буюрса, театр тартылгандан бери элибизге облустун айланасында болгон бардык маданий иш-чараларды өткөрүүдө чоң жардамдарды берип жатат. Азыр базасы акырындап чыңдалып келүүдө. Биз дагы театрга эмне керек, таланттарга кандай жардам керек, кандай чыгармачылык менен иштейбиз, ушуну орду-ордуна коюп жатабыз. Театр 2006-жылы иштеп баштаган. Ошондон бери былтыр эки оюн койдук.

-Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]