|
Эл аралык жаңылыктар
|
|
|
Каражич Гаагадагы эларалык трибуналга эмки жумада өткөрүлүп берилиши ыктымал
Сербиянын бийликтери Радован Каражич Гаагадагы эларалык трибуналга эмки жуманын башында өткөрүлүп бериши ыктымал деп маалымдашты. Босниялык сербдердин мурдагы лидери экстрадицияга каршы апелляциялык арызын эртең тапшырууну көздөп жатат. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди. Геноцид үчүн айыпталып жаткан Каражич Гаагада өзүн өзү коргоону чечкен. Бийликтердин ырастоосунда, ал дүйшөмбү күнү кечинде колго түшүрүлгөн.
--
|
АКШнын президенттигине талапкер Барак Обама Берлинге барды
Демократиялык партиянын өкүлү немис канцлери Ангела Меркель менен жолугушту. Кечинде сенатор АКШ менен Европанын алакалары жөнүндө доклад жасамакчы. Кечээ ал Жакынкы Чыгышта сапар менен болуп, ноябрь шайлоосун жеңсе, Израиль Вашингтон саясатынын маанилүү бөлүгү бойдон кала дерет деп ишендирди. Обама ошондой эле атомдук куралга ээ Иран олуттуу коркунучка айланат, андыктан эларалык коомчулук аны алдын алуу үчүн аракет көрүшү керек деди. Анбдан кийин сенатор Парижге аттанмакчы.
--
|
Роберт Гейтс Ооганстандагы аскерлердин санын көбөйтүү чечимин жаңы шайлана турган президент кабыл алышы мүмкүн дейт
Ооганстандагы америкалык командачылык козголоңчуларга каршы күрөшүү үчүн кошумча 10 миңдей жоокер сурашкан. Арийне Пентагондун басма сөз катчысы Жеоф Морреллдын айтымында, Ирактагы согушка байланыштуу АКШ азырынча Ооганстанга андай сандагы контингентти жибере албайт. Ушу тапта Ооганстанда америкалык 30 миңдей аскер кызмат өтөп жатат. Бул аралыкта НАТОнну баш катчысы Яап де хооп Схеффердин Кабулга барганы кабарланууда.
--
|
Түрк согуш учактарынын соккусунан Ирактын түндүгүндө 13 күрт жикчи жок кылынды
Бул тууралуу түрк армиясынын өкүлдөрү билдиришти. Күрттөрдүн жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы багытталган операция мындан ары улантылмакчы. Жоочулар Түндүк Ирактагы базаларын Түркиядагы кол салуулар үчүн пайдаланып жүрүшөт.
--
|
Дүйнөнүн эң бай адамдары чылым чегүүгө каршы күрөшкө салым кошууну чечишти
Дүйнөнүн эң бай адамдары – Нью-Йорктун мэри Майкл Блумберг жана Майкрософттун негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс чылым чегүүгө каршы күрөшкө салым кошууну чечишти. Алар “тамеки эпидемиясына” каршы чаралар үчүн 375 миллион доллар берүүгө убада кылышты. Каражат өкмөттөр менен иштеп жаткан топторго берилмекчи.
--
|
Иран Бээжин Олимпиадасына 1976-жылдан берки эң ири делегациясын жибермекчи
53 спортсмендин үчөө аял. Бирок “ирандык Геркулес” деген атка конгон белгилүү чоюн көтөрүүчү Хоссейн Резазадех оюндарга катышпайт. Сидней жана Афина олимпиадаларынын жеңүүчүсү Резазадех былтыр жол кырсыгына кабылып, тизесинен жарат алган. Догдурлар ага оор нерсе көтөрбөй турууга кеңеш беришкен.
--
|
Б.Обама кечээ тышкы саясат боюнча Германиянын баш калаасында сөз сүйлөдү
Берлиндеги Тиргартен сейил багында чогулган 200 миң адамдын алдында сүйлөгөн сөзүндө Демократиялык партиядан АКШнын президенттигине талапкер Обама дүйнө элин “бөлүп-жарган тосмолорду жоготууга” чакырды.
"Өзөктүк куралдын жайылышын токтотуу мезгили келди. Азыр өзөктүк куралсыз дүйнөдө жашоо үчүн иш баштоого убакыт жетти", деген сенатор Обама террорчулукка, климаттын кескин ысышына жана экономикалык кризиске каршы дүйнө эли бирдиктүү күрөшүшү керек деп билдирди. Ноябрда АКШда өтө турган президенттик шайлоонун алдында Барак Обама Европаны кыдырууда. Германиядан кийин Обама Франция жана Британияга жол тартмакчы.
--
|
Сербиянын бийлиги босниялык сербдердин мурдагы лидери Р.Каражичке жалган документ жасоого жардамдашкан адамдарды издөөдө
13 жыл бою качып жүргөн Каражич 21-июлда Белградда камакка алынган. 1990-жылдардын аягында Босниядагы согуш маалында геноцид деп бааланган эки окуянын артында турат деп айыпталган Каражич дээрлик 13 жыл бою Драган Дабич деген ысымды колдонуп, бейтапканалардын биринде психолог болуп иштеп келген. Серб бийликтери Радован Каражичти Гаагадагы Эл аралык аскер кылмыш сотуна кийинки аптада өткөрүп берери күтүлүүдө.
--
|
АКШ өкмөтүнүн мурдагы өкүлү Ооганстандын президенти Х. Карзайды маң заттардын соодасына тиешеси бар деп айыптады
Мамлекеттик департаменттин маң заттар менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн мурдагы өкүлү Томас Швайхтын бул тууралуу “Нью-Йорк Таймс” журналына жазган макаласында айтылат. Макалада Швайх талип жоочулары гана эмес, ооган бийлиги дагы маң заттарды саткандарды коргоп, ал үчүн пайда алып келерин айтат. Ооган президенти Хамид Карзай Кабулдагы маалымат жыйынында Томас Швайхтын бардык айыптоолорун четке какты.
--
|
НАТО аскерлери талип жоочулардын изине түшүү үчүн Пакистанга кирбейт
Бирок Пакистандагы экстремисттер НАТОнун Ооганстандын чегарасындагы күчтөрүнө кол салса, чабуул коюуга укугу бар. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер билдирди. Ооганстанга жасаган күтүүсүз сапары учурунда НАТОнун баш катчысы ооган президенти Хамид Карзай жана эл аралык коалициянын башчылыгы менен жолугушары күтүлүүдө.
--
|
Сербиянын эчилери Евробиримдиктин өлкөлөрүнө кайтып барат
Бул тууралуу Сербиянын тышкы иштер министри Вук Йеремич билдирди. Анын айтымында, бул кадам кайсы бир күнү Сербиянын Евробиримдикке кирүү аракеттерине жардам кылууга максатталган. Үстүбүздөгү жылы февралда Косово Сербиядан эгемендүүлүгүн жарыялаган. Ошондон көп өтпөй Сербиянын мурдагы өкмөтү Косовонун көз карандысыздыгын тааныган Евробиримдиктин айрым өлкөлөрүндөгү элчилерин чакыртып алган.
--
|
Астанада “Москва” аттуу бизнес борборун куруу учурунда жарылуу болду
Жарылуудан беш адам каза таап, дагы бир нечеси жаракат алды. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, курулуш иштери жүрүп жаткан жерде газ баллону жарылган.
--
|
Иран өкмөтү белгилүү “Хамшари” гезитин жапты
Бийликчил ИРНА агенттиги “жалган маалыматтарды таратуу менен гезит өлкөнүн экономикасына олуттуу таасир этти” деп кабарлады. “Хамшари” гезити президент Махмуд Ахмадинежадды жүргүзгөн экономикалык саясаты үчүн такай сындап келген эле.
--
|