[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
КЫРГЫЗ ТАМГАЛАРЫН ОРНОТУУ
Бейшемби, 30-октябрь 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
Эл аралык жаңылыктар
АКШнын Сириядагы элчилиги бүгүн жабык болот

АКШнын Дамасктагы элчилигинин билдирүүсүнө караганда, элчилик коопсуздук боюнча тобокелчиликтер күчөгөнүнөн улам жабылууда жана элчилик америкалыктарга коопсуздугу үчүн кыраакы болууну эскертти. Бул тууралуу өткөн жекшембидеги окуядан соң маалымдалып олтурат. Анда Сирия тараптын ырастоосунда, АКШнын тик учактары өлкөнүн Ирак менен чек арасынан сегиз чакырым аралыктагы кыштакка жортул жасап, сегиз сириялыкты мерт кылган. Сириянын өкмөтү бүгүн ушул окуяга нааразылык ирээтинде Дамаскта демонстрация өткөрүлүшүнө уруксат берди.

Америкалык тарап Сирияга жортуул Ирактан жасалганы тууралуу маалыматты расмий моюндаган жок, бирок АКШнын аты аталбаган расмий өкүлүнүн айтканына караганда, жортуул учурунда Иракка согушкерлерди жөнөтүү менен алектенген адам бутага алынган.

Сирия АКШга жооп чара ирээтинде буга чейин эле Дамасктагы америкалык мектептин, маданий борбордун жабууну буюруган.

Ушул шейшембиде болсо БУУнун Коопсуздук кеңешинен, ал атагандай, АКШнын өлкөгө болочок чабуулдарына жол бербегидей чара көрүүнү суранды.

--

Мунайдын дүйнөлүк баасы өстү, доллар баасы түштү

Мунун алдында кечээ АКШда Улуттук банк катары эсептелген Федералдык резерв системасы экономиканы жандандыруу, кредиттөөнү күчөтүү үчүн кредиттер боюнча үстөгүн 1,5%дан 1%га түшүргөн эле. Ушундан соң Нью-Йорктогу биржада кара майдын бир баррели 5 долларга жакын же 7,6%га кымбаттап, 67 доллар 50 центке чыкты. Ал эми америкалык валюта кайрадан нарксызданып, бир евро 1 доллар 28 центке бааланып калды.

Бул аралыкта АКШнын каржы министрлиги кечээ каржылык системаны колдоо программасынын алкагында, өлкөнүн 9 ири банкына 125 миллиард доллар ажыратканын жарыялады.

--

Украинада парламент мөөнөтсүз шайлоону каржылоого тоскоолдук жасоодо

Парламенттик шайлоону мөөнөтсүз өткөрүү үчүн каражат ажыратууну караган мыйзамды кечээ 222 депутат гана колдоп, төрт добуш жетпей калды. Премьер-министр Юлия Тимошенко жана анын блогу мөөнөтсүз шайлоого каршы чыгууда. Тимошенко каржылык кризистин шартында шайлоонун өтүшүн "криминалдык" иш катары баалаган. Президент Виктор Юшенко өлкөдөгү саясий кризисти жоюу максатында азыркы парламентти таратып, мөөнөтсү шайлоону декабрь айына белгилеген.

--
Хорватия уюшкан кылмыштуулуука каршы күрөшүү боюнча жаңы чараларды жарыялады

Өлкөнүн жаңы юстиция министри Иван Симоновичтин билдиргенине караганда, ал чаралар мафиялык мүнөздөгү кылмыштарды кароо үчүн атайын сотторду түзүүнү, күбөлөрдү коргоону жакшыртууну, кылмышкерлердин мүлкүн конфискациялоо боюнча кадамдарды камтыйт.

Мындай чаралар өткөн атада башкаала Загребдеги жардыруудан өлкөдөгү эң таанымал гезиттин баш редактору Иво Пуканич жана анын бир кызматкеринин өмүрү кыйлгандан кийин көрүлүп олтурат. Хорват бийликтери журналистин өлтүрүлүшүн террордук акт катары баалап, артында мафия турарын билдиришкен.

Октябрдын башында Ховатияда таанымал адвокат жана анын кызы да киши колдуу болгон.

--

Сауд Аравиясында аялдардын туңгуч университети ачылат

Университеттин курулушун баштоо салтанаты кечээ өткөрүлүп, ага падыша Абдалла өзү катышты. Эр –Риядда жайгашуучу университеттен келечекте кыз-келиндерге медицина, фармацевтика, менеджмент, компьютер жана тил илими боюнча адистиктерди ала алышат. Саудиянын гендердик ажырым катуу сакталган кадими университеттеринде адатта аялдар үчүн жогорудагы адистиктер боюнча билим алыш кыйын.

--
Сербия Эл аралык валюта фонду менен сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө

Анын максаты дүйнөлүк финансылык кризистен жабыркаган Сербиянын экономикасына финансылык жардам алуу. Кабарларга караганда, Эл аралык валюта корунун өкүлү Алберт Жигер баштаган топ Сербиянын өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, 2009-жылдын бюджетин талкуулашты.

--
Грузия НАТОго мүчөлүккө кабыл алууну ачыктоону сунуштоодо

Грузин президенти Михаил Саакашвили айтымына караганда, НАТО Грузияны өз курамына ала турганын ачык билдириш керек. Өз кезегинде НАТО Грузия үчүн эшик жабык эмес экендигин билдирген. Бирок апрель айында Бухаресте болгон саммитте НАТО мүчөлүгүнө кабыл алынуунун планы Грузияга берилген эмес. Орус-грузин согушунан кийин Грузияны батыш аскерий блогуна ылдамыраак кабыл алууну жактаган өлкөлөр болууда.

--


Негизги бет
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар

English content


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]