[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
КЫРГЫЗ ТАМГАЛАРЫН ОРНОТУУ
Жума, 25-июль 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
Кыргызстан жаңылыктары
18:50 Ысык-Көлдүн жээгиндеги 19 эс алуу жайы иштебей калды

Буга чейин Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттар, эс алуу жайлары өкмөт тарабынан текшерилип, алардын ичинен 81 иштеп жатат. Талапка жооп бербейт делип жабылган 28 пансионаттын 19 суу канализацияларынын, айлана чөйрөсүнүн тазалыгы, тейлөө кызматы боюнча коюлган талаптарды аткара албагандыганан иштебей турат. Ал эми Ысык-Көлдүн суусу жана экологиялык абалы нормативдик талаптарга жооп берерин, Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин экологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Таисия Неронова маалымат жыйынында билдирди. Ал ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагындагы суу тазалоо үчүн курулган жайлар лабораториялык текшерүүгө алынарын кошумчалады. (AJ)

--
18:40 Токой чарбасында абал оор

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин токой чарбасы боюнча башкармалыгынын жетекчиси Аскат Касенов билдирди. Анын айтымында, аба-ырайынын кургак болушунан токойлордо 10 ирет өрт болгон. Чоң-Кемин өрөөнүндө 5 га. токой аянты өрттөнүп кеткен. Ал ошондой эле токой чарбасы өлкө аймагындагы токой, бак-дарактарды тактап, каттоо жүргүзүп жатканын кошумчалады. Дарактарды мыйзамсыз кыйган 9 адамга кылымыш иши козголуп, анын сегизи шарттуу, бирөө жазага тартылган. Ал эми токой чарбасында тартип бузган 34 кызматкер жоопкерчиликке тартылса, 30 кызматкер жумуштан бошотулган. (AJ)

--
Аба ырайы

Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 26-июлда
Кыргызстандын кээ бир аймактарында кыска мөөнөттө жамгыр жаайт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен желаргы жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +26...+31 градус.
Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32 градус ысык .
Баткен облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31 градус.
Жалал-Абат, Ош аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34 градус ысык болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27 градус.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +30...+32 градус.

--

17:45 Жалал-Абат облустук бийлигинин жанында жалгыз аялдын нааразылыгы болду

Жалал-Абат шаарынын тургуну Алтынай Турсункулова иш орду менен китеп саткан жайылмасын кайтарып берүүнү талап кылууда. Анын айтымында, борбордук базардын кире беришиндеги китеп дүкөнү менен баш калкалаган чатырын 2006-жылы белгисиз адамдар бузуп кетишкен жана үч-төрт жолу сабашкан. Айрым адамдар аны зордуктоого көрсөтмө берген. Нааразылык акциясын 24-июлда баштаган Алтынай Турсункулова 25-июлда акциясын жети күнгө чейин улантаарын жана ал акциясына облбийликтин бир дагы кызматкери көңүл бурбагандыгын билдирди. Өз талабын шаар башчысы менен шаардык ички иштер бөлүмүнө да билдирген. Бирок, ушул убакка чейин эч кандай ал тараптардан жооп болгон жок деп, айтты үйсүз жашап жүргөн Алтынай Турсункулова. (YA)

--
17:40 Жалал-Абат облусунда адам укугун коргоочу “Адилеттик” уюмунун басылмасы сотко чакырык алды

Оштогу “Түштүк-Кыргыз цемент” жабык типтеги акционердик коомунун төрагасы Ян Фишер Жалал-Абат шаардык сотуна доо арызы менен кайрылган. Ал “иш канча турат же түтүнү жок, от болбойт” деген макала абийир, ар-намыс жана ишкердик беделиме шек келтирди деп эсептеп, алгач басылманын баш редактору менен макаланын авторун кылмыш жолуна тартууну, “Укук баарына бирдей” аттуу басылманы жабууну өтүнгөн. Бүгүн келген өтүнүчүндө макала ээси менен баш редактордон миллион сом өндүрүп берүүнү жана макаланы жокко чыгаруу менен автор жана баш редактордун кечирим суроосун талап кылган. (YA)

--
17:30 Ош облустук китепканасы эки аптадан бери жарыгы жок калды

Токтогул атындагы Ош облустук китепканасынын директору Бактыгүл Мырзаева «Азаттыкка» маалымдашынча, мекемеде эки жумадан бери электр энергиясы жанбайт. Мунун айынан окурмандарды тейлөө үзгүлтүккө учуроодо. Ал эми ушул жерде ижарада олтурган эл аралык “Интерньюс” уюму, Ош маалымат ресурстук борбору тыш дүйнө менен байланышы жок калды. Ош калаасынын вице-мэри Мухидин Мамасадыковдун айтымында, облустук китепкананын шаарга аласа-бересеси жок. Болгону энергия түйүнү китепканага туташ менчик ишкананын электр жарыгына карызы көп экен, коңшу мекеме ошонун азабын тартып жатат. (ATo)

--
17:25 “Акыйкатчы үчүн” коомдук кыймылдын мүчөсү Урмат Акунов Нарын шаарында пикетке чыкты

Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтына коомдук парламенттин мүчөсү, “Бектемир Акунов” атындагы коомдук кордун деректиринин орун басары Урмат Акунов пикетке чыкты. Ал жанындагы бир адам менен “Тезектин, көмүрдүн, жылуулуктун баасы канча?”, “Кышты жайда ойло, жайды кышта ойло”, жана Кара-Кече элдикиби?”, “Элдики болсо канчалык деңгээлде элге пайдасы тиет”,- деген жазууларды көтөрүп, облакимчиликтин бет маңдайында кармап турду. “Учурда эл кышка карата канча сомдон көмүр алышаары тууралуу так маалымат жок. Электрге чектөөлөр киргизилип, өчүрүлүүдө. Калк катмарында кооптонуу пайда болууда ошондуктан пикетке чыктым”,- деген Урмат Акуновду акция башталгандан кийин кырк мүнөт өткөндө шаардык мэрияга алып кирип кетишти. Ал жерден көмүрдүн баасы сапатына жараша 2920 смомдон 3440 сомго чейин сатылаары тууралуу маалымат берилди. (KUs)

--
17:02 Бишкекте Акыйкатчы институтунун үч күндүк семинары өтүүдө

Акыйкатчы институтунун өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу жана аталган институттун кызматкерлерин адам укугу, укуктук нормаларын окутуу боюнча үч күндүк семинар өтүүдө. Бул иш чарага БУУнун адам укуктары боюнча Комиссарлыгынын Бишкектеги башкармалыгынын жана БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү, Акыйкатчы институнун кызматкерлери катышууда. Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

--
16:40 Исфарада кыргыз-тажик өкмөттөр аралык эки тараптуу комиссиясынын VIII отуруму ишин баштады

Эки тараптуу өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясынын бул жолку сүйлөшүүсүндө негизги тема болуп Ош-Исфана автожолунун Чорку тажик айылын айланып өтүүчү бөлүгүнүн тактала элек чегара тилкесиндеги 275 метр бөлүгү боюнча эки тараптуу келишимге келүү түзүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» жол транспорт министри Нурлан Суйлайманов билдирди. Кыргыз-тажик отурумунда негизинен үч маселе боюнча, суу, энергетика жана чегара тилкелери тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт. (SA)

--
16:30 Наманганда кыргыз-өзбек чек араларын тактоо боюнча боюнча сүйлөшүү жүрдү

Кечээ Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселелери боюнча өкмөт аралык комиссиясы Наманган, Анжиян, Фергана облустарынын жана Жалал-Абат облусу менен Наманган облусундагы чектеш жерлердеги талаш жараткан жер участокторуна байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. "Бул боюнча маселе толук чечилди дегенден алысмын. Бирок иштер алдыга жылды",- деп билдирди “Азаттыкка” Жалал-Абат облусунун губернаторунун биринчи орун басары Жаныш Курбанов. Анын айтымында , Жалал-Абат менен Наманган облусунун чектешкен жерлеринде жыйырмадан ашуун аныкталбаган участоктор боюнча сүйлөшүүлөр болду. Ал эми Анжиян облусу менен аныкталбаган эки участок каралган жок. “Келерки сүйлөшүү сентябрда Анжиянда болот. Аларга маселени жеринде барып чечүүнү сунуштадым”,- дейт Курбанов. (AJ)

--
15:30 Чүйдүн айрым айыл тургундары жол киренин жогорулашына нааразы болушууда

Бул туурасында Сокулук районунун тургуну Өндүрүш Токтоназаров бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымына караганда Бишкектен Лесной айылына каттаган 342 номердеги кичи автобустун айдоочулары жол кирени жакын аранын ичинде эле 9 сомдон 11 сомго анан 18 сомго көтөрүп жиберишкен. Ал эми аталган кичи автобустарды «БАТ» жоопкерчилиги чектелген коом тейлейт. Алар жол киренин көтөрүлүшүн күйүүчү майдын кымбаттыгы менен гана байланыштырып жатышат. Бирок айыл тургундарынын көбү борбор калаадан барып, келип иштегендиктен жол кирени жок дегенде үч сомго азайтууну суранышууда. Жергиликтүү эл жакында Сокулук райондук администрациянын алдында жол киренин жогорулашына байланыштуу нааразылык иш чарасын уюштурат. (JJ)

--
14:40 Дүйшөмбүдө ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМ кеңешинин кезектеги кеңешмеси өтүүдө

Бул тууралуу билдирген аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Дүйшөмбү шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги кеңешмесинде эл аралык актуалдуу маселелер тууралуу пикир алышуулар, аймакта ШКУнун кызматташтыгын арттыруу жана коопсуздугун чыңдоо багытындагы маселелер каралууда. Кеңешменин соңунда ШКУнун ТИМК 28-августта Дүйшөмбүдө өтүүчү ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешмесинин күн тартибин бекитүү сыяктуу бир катар документтерге кол коюлмакчы. ШКУ секретариатынын өткөн жыл үчүн отчетун бекитүү тууралуу чечим кабыл алынышы күтүлүүдө. (AJ)

--
14:15 Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын уставына Кыргызстандын кошулушу жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент Курманбек Бакиев “2002-жылдын 21-февралындагы Министрелер комитетинин Res(2002)3 резолюциясы менен кабыл алынган, укук аркылуу демократия үчүн Европалык Комиссиянын (Венеция комиссиясы) Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

--
13:25 Электр кубаттуулугу былтыркыга салыштырмалуу көп керектелген

Бул тууралуу билдирген Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, быйыл электр кубаттуулугун керектөө 349,804 млн.кВт.саатты түзгөн. Былтыркы жылы бул көрсөткүч 346,949 млн.кВт.саат болгон. Бөлүштүрүү компанияларына керектөөнүн лимитинен ашыкча Бишкекте 22,345 млн.кВт.саат, Ысык-Көл облусунда 2,926 млн.кВт.саат, Нарын облусунда 3,558 млн.кВт.саат, Ош облусунда 0,260 млн.кВт.саат, Ош шаарында 0,173 млн.кВт.саат, Жалал-Абат облусунда 2,082 млн.кВт.саат, Талас облусунда 0,212 млн.кВт.саат керектелген. Ал эми Чүй,Баткен облустарында электр кубаттуулугун керектөө азайган 24-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,2 млрд.куб.м. жеткен. Былтыр бул көрсөткүч 13,46 млрд.куб.м. болгон. (AJ)

--
12:50 Өзгөн районунун жаңы акими дайындалды

Президенттин буйругу менен Үсөнбай Абдыраимов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын акиминин кызматынан бошотулду. Өлкө башчысынын башка буйругуна ылайык Байышбек Жуманазаров Өзгөн районунун акими болуп дайындалды. (AJ)

--
11:30 Иса Өмүркулов өкмөттүн кризистен чыгарууга убактысы бар деп эсептейт

Президент бирин-экин жетекчиге сөгүш берүү менен чектелбей, айрым жетекчилерди жыл башында эле кызматтан кетириши керек эле. Жайга чейин даярдык жок болгондон кийин айыл чарбасында, азык-түлүк, энергетика, отун суу, жылуулук боюнча олуттуу көйгөйлөрдүн жаралышы күтүлүүдө, деп билдирди “Азаттыкка” СДПКдан парламенттеги депутат Иса Өмүркулов. Анын айтымында, алдыда болуучу экономикалык кризистен чыгуу үчүн өкмөттүн курамындагы 60 пайыз жетекчилерди кызматтан кетирип, өлкөдөгү бардык саясий күчтөр менен тез арада экономикалык-социалдык багыттагы натыйжалуу программаны кабыл алып, турмушка ашыруу зарыл. “СДПК өлкөнүн айылдарында жашаган 60 пайыз калктын абалын оңдоо багытында айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды тез арада ачуу, энергетика кубаттуулугуна жоготууларды кыскартуу жана ага төлөмдөрдү азайтуу, кайра бөлүштүрүү компанияларын заманбап техникалар менен жабдуу боюнча ишке аша турган программаны бийликке сунуштаган. Бирок алар буга маани беришкен жок”,-дейт Өмүркулов. (AJ)

--
11:00 Т. Сариев: Президент өкмөт жыйынында жарым жыл мурдагы айткандарын кайталады

Бүгүнкү өкүмөттүн акыбалы абдан оор. Бул өкмөттүн бүгүнкү кризистен алып чыгуу боюнча программасы жок. Иштей турган адамдары да жок, деп билдирди “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев “Азаттыкка”. Анын айтымында, кечээги өкмөттүн жыйынында президенттин суроолоруна министрлердин жооп бере албаганы, алардын сабатсыздыгын көргөздү. “Жыйындагы козголгон маселелер, айтылган сөздөр мындан жарым жыл мурда эле өкмөттүн жыйынында козголгон. Президент ошондогу айткандарын эле кайталады”,-дейт Сариев. (AJ)

--
10:55 Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугунун абалы боюнча чукул жыйын өтөт

26-июлда ички иштер министри Молдомуса Конгантиев чукул чакырылган кеңешме өткөрөт. Жыйынга ИИМдин Жол кыймылынынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Б.Борбиев. Ош, Бишкек ШИИБдин, Облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилеринин орун басарлары, Ош,Бишкек шаарларынын, облустардын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча бөлүмдөрүнүн башчылары, шаардык, аймактык, район аралык экзамендик-каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

--
10:30 Коопсуздук кызматынын катчысы түштүктөгү чек арага жакын райондор боюнча кеңешме өткөрдү

Бейшембиде өткөрүлгөн кеңешмеде түштүк аймагындагы чек ара райондорундагы миграция маселеси, диний экстремистик уюмдрга жана аткезчилик менен өткөрүлүп жаткан товарларга каршы күрөшүү боюнча талкуу болду. Негизинен чек ара райондорунда жаңжалдын чыгышынын алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселесине көңүл бурулду. Ошондой эле бийлик органдары боюнча терс маалымат тараткан коңшу республикалардын массалык маалымат каражаттарында жарыяланган бир катар макалалар талкууланды. (AJ)

--
08:40 Эртең Бишкекте “Оймо” эл аралык көргөзмө ачылат

Аталган иш чарага Орто Азия мамлекеттеринен келген кол өнөрчүлөр, чеберлер өздөрү жасаган буюмдары менен катышат. 27-июлда көргөзмө Чолпон-Ата шаарында уланат. Үч жылдан бери өткөрүлүп келеткан бул фестиваль 31-июлда жыйынтыкталат.(MSu)

--
08:20 Бүгүн Бишкекте бухгалтердик эсеп жана аудитти өнүктүрүүгө арналган эл аралык конференция өтөт

Анда Кыргызстанда каржылык эсептин жана аудиттин эл аралык стандарттарын жайылтуу, бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланат. Аталган конференция АКШнын ЮСАИД программасынын, бухгалтерлер жана аудиторлор бирикмесинин жана башка бир катар уюмдардын демилгеси менен өткөрүлүүдө. Ага Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын жетекчилиги жана кыргыз тараптан мамлекеттик органдардын, бир катар банктардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышат.(MSu)

--
08:05 Улуттук гвардиянын колбашчысынын биринчи орун басары – штабынын зардалы дайындалды

Президенттин кечээ кечинде кол койгон жарылыгы менен бул кызматка Бактыбек Бекболотов дайындалды.(MSu)

--
07:50 ТИМдин орун басары А. Бешимов баштаган делегация Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынына катышат

Уюмдун жогорку деңгээлдеги топтун жыйыны бүгүн Москва шаарында башталат. Ага ЖККУга мүчө- мамлекеттердин тышкы иштер, коргоо, каржы министрлеринин орун басарлары жана Коопсуздук кеңешинин катчылары катышат. Анын жүрүшүндө тараптар уюмдун мамлекеттер аралык программаларын иштеп чыгуунун тартиптерин жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду талкуулашат. Мындан тышкары маалымат коопсуздук системасын иштеп чыгуу жана БУУнун терррорчулукка каршы стратегиясын ишке ашыруу боюнча жамааттык иш аракеттер каралат.(MSu)

--
07:35 Р. Жээнбеков: Учурда бийликтин өлкөнү экономикалык кризистен алып чыгып кетүүгө кудурети жетпейт

Мындай пикирин Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча комитеттин мурдагы башчысы, учурда АКШда жашап жаткан Равшан Жээнбеков “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, экономикалык маселелерди чечүү үчүн мамлекеттин негизин түзгөн адам укуктары, сөз эркиндиги корголуп, экономикада жана саясатта атаандаштык болушу зарыл. Р. Жээнбеков катаал кырдалдан чыгуунун жолдоруна токтолуп, "Бийлик элге даректүү жардам бериши керек, транспорт жана электр жарыгына бааларды көтөрбөшү керек, анткени булардын бары өлкөнүн өзүнүн продукциясы болуп саналат",деп билдирди.(MSu)

--
07:15 Бүгүн “Замандаш” ассоциациясы өз жыйынында караган маселелер боюнча сунуштарын жана чечимдерин өкмөткө жолдойт

Ассоциациянын коордиантору Айсулуу Алымбек кызынын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүн жумушчу топ өкмөттүк деңгээлде чечиле турган маселелерди аягына чейин иштеп чыгып, аны өкмөткө жолдошот. Чет жакта иштеген кыргыз мигранттарынын башын кошкон “Замандаш” ассоциациясынын үч күнгө созулган жыйынында кыргыз мигранттарынын кош жарандык алуу, пенсия, паспорт маселелериндеги проблемалар, алардын Кыргызстандын экономикасына кошо турган салымы, инвестицияларды тартуу маселелери талкууланган. Конференцияга Орусия, Италия, Түштүк Корея, Казакстан, Германия, Туркияда иштеген кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.(MSu)

--


Негизги бет
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар

English content


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]