|
Кыргызстан жаңылыктары
|
|
|
15:30 Чүйдүн айрым айыл тургундары жол киренин жогорулашына нааразы болушууда
Бул туурасында Сокулук районунун тургуну Өндүрүш Токтоназаров бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымына караганда Бишкектен Лесной айылына каттаган 342 номердеги кичи автобустун айдоочулары жол кирени жакын аранын ичинде эле 9 сомдон 11 сомго анан 18 сомго көтөрүп жиберишкен. Ал эми аталган кичи автобустарды «БАТ» жоопкерчилиги чектелген коом тейлейт. Алар жол киренин көтөрүлүшүн күйүүчү майдын кымбаттыгы менен гана байланыштырып жатышат. Бирок айыл тургундарынын көбү борбор калаадан барып, келип иштегендиктен жол кирени жок дегенде үч сомго азайтууну суранышууда. Жергиликтүү эл жакында Сокулук райондук администрациянын алдында жол киренин жогорулашына байланыштуу нааразылык иш чарасын уюштурат. (JJ)
--
|
14:40 Дүйшөмбүдө ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМ кеңешинин кезектеги кеңешмеси өтүүдө
Бул тууралуу билдирген аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Дүйшөмбү шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги кеңешмесинде эл аралык актуалдуу маселелер тууралуу пикир алышуулар, аймакта ШКУнун кызматташтыгын арттыруу жана коопсуздугун чыңдоо багытындагы маселелер каралууда. Кеңешменин соңунда ШКУнун ТИМК 28-августта Дүйшөмбүдө өтүүчү ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешмесинин күн тартибин бекитүү сыяктуу бир катар документтерге кол коюлмакчы. ШКУ секретариатынын өткөн жыл үчүн отчетун бекитүү тууралуу чечим кабыл алынышы күтүлүүдө. (AJ)
--
|
14:15 Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын уставына Кыргызстандын кошулушу жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Президент Курманбек Бакиев “2002-жылдын 21-февралындагы Министрелер комитетинин Res(2002)3 резолюциясы менен кабыл алынган, укук аркылуу демократия үчүн Европалык Комиссиянын (Венеция комиссиясы) Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)
--
|
13:25 Электр кубаттуулугу былтыркыга салыштырмалуу көп керектелген
Бул тууралуу билдирген Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, быйыл электр кубаттуулугун керектөө 349,804 млн.кВт.саатты түзгөн. Былтыркы жылы бул көрсөткүч 346,949 млн.кВт.саат болгон. Бөлүштүрүү компанияларына керектөөнүн лимитинен ашыкча Бишкекте 22,345 млн.кВт.саат, Ысык-Көл облусунда 2,926 млн.кВт.саат, Нарын облусунда 3,558 млн.кВт.саат, Ош облусунда 0,260 млн.кВт.саат, Ош шаарында 0,173 млн.кВт.саат, Жалал-Абат облусунда 2,082 млн.кВт.саат, Талас облусунда 0,212 млн.кВт.саат керектелген. Ал эми Чүй,Баткен облустарында электр кубаттуулугун керектөө азайган 24-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,2 млрд.куб.м. жеткен. Былтыр бул көрсөткүч 13,46 млрд.куб.м. болгон. (AJ)
--
|
12:50 Өзгөн районунун жаңы акими дайындалды
Президенттин буйругу менен Үсөнбай Абдыраимов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын акиминин кызматынан бошотулду. Өлкө башчысынын башка буйругуна ылайык Байышбек Жуманазаров Өзгөн районунун акими болуп дайындалды. (AJ)
--
|
11:30 Иса Өмүркулов өкмөттүн кризистен чыгарууга убактысы бар деп эсептейт
Президент бирин-экин жетекчиге сөгүш берүү менен чектелбей, айрым жетекчилерди жыл башында эле кызматтан кетириши керек эле. Жайга чейин даярдык жок болгондон кийин айыл чарбасында, азык-түлүк, энергетика, отун суу, жылуулук боюнча олуттуу көйгөйлөрдүн жаралышы күтүлүүдө, деп билдирди “Азаттыкка” СДПКдан парламенттеги депутат Иса Өмүркулов. Анын айтымында, алдыда болуучу экономикалык кризистен чыгуу үчүн өкмөттүн курамындагы 60 пайыз жетекчилерди кызматтан кетирип, өлкөдөгү бардык саясий күчтөр менен тез арада экономикалык-социалдык багыттагы натыйжалуу программаны кабыл алып, турмушка ашыруу зарыл. “СДПК өлкөнүн айылдарында жашаган 60 пайыз калктын абалын оңдоо багытында айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды тез арада ачуу, энергетика кубаттуулугуна жоготууларды кыскартуу жана ага төлөмдөрдү азайтуу, кайра бөлүштүрүү компанияларын заманбап техникалар менен жабдуу боюнча ишке аша турган программаны бийликке сунуштаган. Бирок алар буга маани беришкен жок”,-дейт Өмүркулов. (AJ)
--
|
11:00 Т. Сариев: Президент өкмөт жыйынында жарым жыл мурдагы айткандарын кайталады
Бүгүнкү өкүмөттүн акыбалы абдан оор. Бул өкмөттүн бүгүнкү кризистен алып чыгуу боюнча программасы жок. Иштей турган адамдары да жок, деп билдирди “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев “Азаттыкка”. Анын айтымында, кечээги өкмөттүн жыйынында президенттин суроолоруна министрлердин жооп бере албаганы, алардын сабатсыздыгын көргөздү. “Жыйындагы козголгон маселелер, айтылган сөздөр мындан жарым жыл мурда эле өкмөттүн жыйынында козголгон. Президент ошондогу айткандарын эле кайталады”,-дейт Сариев. (AJ)
--
|
10:55 Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугунун абалы боюнча чукул жыйын өтөт
26-июлда ички иштер министри Молдомуса Конгантиев чукул чакырылган кеңешме өткөрөт. Жыйынга ИИМдин Жол кыймылынынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Б.Борбиев. Ош, Бишкек ШИИБдин, Облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилеринин орун басарлары, Ош,Бишкек шаарларынын, облустардын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча бөлүмдөрүнүн башчылары, шаардык, аймактык, район аралык экзамендик-каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)
--
|
10:30 Коопсуздук кызматынын катчысы түштүктөгү чек арага жакын райондор боюнча кеңешме өткөрдү
Бейшембиде өткөрүлгөн кеңешмеде түштүк аймагындагы чек ара райондорундагы миграция маселеси, диний экстремистик уюмдрга жана аткезчилик менен өткөрүлүп жаткан товарларга каршы күрөшүү боюнча талкуу болду. Негизинен чек ара райондорунда жаңжалдын чыгышынын алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселесине көңүл бурулду. Ошондой эле бийлик органдары боюнча терс маалымат тараткан коңшу республикалардын массалык маалымат каражаттарында жарыяланган бир катар макалалар талкууланды. (AJ)
--
|
08:40 Эртең Бишкекте “Оймо” эл аралык көргөзмө ачылат
Аталган иш чарага Орто Азия мамлекеттеринен келген кол өнөрчүлөр, чеберлер өздөрү жасаган буюмдары менен катышат. 27-июлда көргөзмө Чолпон-Ата шаарында уланат. Үч жылдан бери өткөрүлүп келеткан бул фестиваль 31-июлда жыйынтыкталат.(MSu)
--
|
08:20 Бүгүн Бишкекте бухгалтердик эсеп жана аудитти өнүктүрүүгө арналган эл аралык конференция өтөт
Анда Кыргызстанда каржылык эсептин жана аудиттин эл аралык стандарттарын жайылтуу, бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланат. Аталган конференция АКШнын ЮСАИД программасынын, бухгалтерлер жана аудиторлор бирикмесинин жана башка бир катар уюмдардын демилгеси менен өткөрүлүүдө. Ага Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын жетекчилиги жана кыргыз тараптан мамлекеттик органдардын, бир катар банктардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышат.(MSu)
--
|
08:05 Улуттук гвардиянын колбашчысынын биринчи орун басары – штабынын зардалы дайындалды
Президенттин кечээ кечинде кол койгон жарылыгы менен бул кызматка Бактыбек Бекболотов дайындалды.(MSu)
--
|
07:50 ТИМдин орун басары А. Бешимов баштаган делегация Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынына катышат
Уюмдун жогорку деңгээлдеги топтун жыйыны бүгүн Москва шаарында башталат. Ага ЖККУга мүчө- мамлекеттердин тышкы иштер, коргоо, каржы министрлеринин орун басарлары жана Коопсуздук кеңешинин катчылары катышат. Анын жүрүшүндө тараптар уюмдун мамлекеттер аралык программаларын иштеп чыгуунун тартиптерин жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду талкуулашат. Мындан тышкары маалымат коопсуздук системасын иштеп чыгуу жана БУУнун терррорчулукка каршы стратегиясын ишке ашыруу боюнча жамааттык иш аракеттер каралат.(MSu)
--
|
07:35 Р. Жээнбеков: Учурда бийликтин өлкөнү экономикалык кризистен алып чыгып кетүүгө кудурети жетпейт
Мындай пикирин Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча комитеттин мурдагы башчысы, учурда АКШда жашап жаткан Равшан Жээнбеков “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, экономикалык маселелерди чечүү үчүн мамлекеттин негизин түзгөн адам укуктары, сөз эркиндиги корголуп, экономикада жана саясатта атаандаштык болушу зарыл. Р. Жээнбеков катаал кырдалдан чыгуунун жолдоруна токтолуп, "Бийлик элге даректүү жардам бериши керек, транспорт жана электр жарыгына бааларды көтөрбөшү керек, анткени булардын бары өлкөнүн өзүнүн продукциясы болуп саналат",деп билдирди.(MSu)
--
|
07:15 Бүгүн “Замандаш” ассоциациясы өз жыйынында караган маселелер боюнча сунуштарын жана чечимдерин өкмөткө жолдойт
Ассоциациянын коордиантору Айсулуу Алымбек кызынын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүн жумушчу топ өкмөттүк деңгээлде чечиле турган маселелерди аягына чейин иштеп чыгып, аны өкмөткө жолдошот. Чет жакта иштеген кыргыз мигранттарынын башын кошкон “Замандаш” ассоциациясынын үч күнгө созулган жыйынында кыргыз мигранттарынын кош жарандык алуу, пенсия, паспорт маселелериндеги проблемалар, алардын Кыргызстандын экономикасына кошо турган салымы, инвестицияларды тартуу маселелери талкууланган. Конференцияга Орусия, Италия, Түштүк Корея, Казакстан, Германия, Туркияда иштеген кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.(MSu)
--
|
|
|