[www.azattyk.kg]
[image][image] [image][image]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
 
Жума, 4-март 2005 [e-mail to a friend]
Тургуналиев Топчубек Тургуналиевич
1941-жылы 5-июлда Жалалабад облусунун Аксы районундагы Тегирменсай айылында туулган.

1965-жылы Москвадагы Мамлекеттик маданият институтун бүтүргөн.

1975-жылы Москвада философия боюнча кандидаттык илимий диссертациясын жактаган.

1986-жылы Москва мамлекеттик университетинде докторантураны бүтүп, бирок, марксисттик идеология менен пикири келишпегендиктенЮ доктордук диссертациясын жактаган эмес. 2-курста окуп жүргөндө Москва облусундагы Солнечногорск мектебинде мугалим болуп иштеген. Фрунзеге келгенде ЖОЖдордо мугалим, атайын орто окуу жайларда жетекчи болгон.

1975-80-жылдары Опера жана балет театрында директор болуп иштеп, андан соң өз каалоосу менен окутуучулук жана илимий ишине кеткен. Пединститутта философия кафедрасынын башчысы болгон.

1990-жыл - КДК партиясынын теңтөрагасы Антикоммунисттик саясий ачкачылыктын башкы уюштуруучусу жана алгачкы катышуучусу. 1990-жылы 15-декабрда Парламент кабыл алган Кыргызстандын эгемендиги жөнүндөгү декларация долбоорунун автору

1991-жыл Кыргызстандын алгачкы "Эркин Кыргызстан" ("ЭрК") демократиялык партиясынын демилгечиси жана башкы жетекчилеринин бири. Борбор Азиядагы жана казакстандагы демократиялык күчтөр конгрессинин уюштуруучуларынын бири, координатору, 1993-жылкы Кыргызстандын конституциясын түзүүчүлөрдүн бири.

1990-жылы жаңы шайланган демократ- президент Аскар Акаевге эркиндиктин символу катары ак калпак кийгизген.

1993-жылы 17-октябрда Тургуналиев 24 саясий лидердин катышуусунда Аскар Акаевден кызматтан кетүүнү талап кылган.

1995-жылы Тургуналиев Кыргызстанда биринчи жолу саясий туткун болгон. Андан кийин Эл аралык мунапыс (Лондон) уюму тарабынан үч ирет "Абийир туткуну" деп таанылган.

1184 күн түрмөдө отурган. Акыркы жолу 2000-жылы катуу тартипте 16 жылга эркинен ажыратылган.

2001- жылы эл аралык жана жергиликтүү коомчулуктун кысымы менен эркиндикке чыккан. Азыр анын шайлануу укугу чектелген.

2001-жылы 3-ноябрь- оппозициячыл күчтөрдүн башын кошкон Элдик кыймылды түзүү демилгечилеринин жана жетекчилдеринин бири.

Адам укуктары жана эркиндиктери институтунун директору, Абийир туткуну гильдиясынын төрагасы Аксы окуясын иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссиянын төрагасы жана демилгечиси үй бүлөлүү. Жубайы - Сабыркүл. Алты баласы, сегиз небереси бар.

Улуу кызы Кытайлык кыргызга турмушка чыккан, ошол жакта жашайт. Экинчи кызы жубайы менен Вашингтондо Дүйнөлүк Банкта иштейт. үч небереси АКШда төрөлгөн. Бир кызы немис улутундагы жигитке турмушка чыккан. Германияда жашайт. Эки кызы жана уулу үй-бүлөлөрү менен Бишкекте жашашат. Тургуналиев чуркайт, балык кармайт, палоо басат, кымыс ичкенди, неберелери менен ойногонду жактырат. Жакшы ырдайт, бийлейт. Жактырган китептери - Куран, Библия, Манас, Махабхарата өңдүү эпикалык жана тарыхый чыгармалар. Жактырган музыкасы - Бах, Бетховен, Мусоргский, Чайковский, Токтогул Сатылганов, Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Женижок, Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков.

 
[news]
Шайлоо барагы
Алгы сөз
Кыргыз Республикасы
Саясатчылар
Саясий топтор
Депутаттыкка талапкерлер
Президенттикке талапкерлер
Президенттик шайлоо
Башмыйзам
Шайлоо мыйзамдары
Байкоочулар
Окуялар жадыбалы
Борбордук шайлоо комиссиясы


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]